Difference between revisions of "ИНСТИТУТТАШТЫРУУ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНСТИТУТТАШТЫРУУ – кайсы бир саясий көрүнүштүн же кыймылдын, белгилүү мамилелердин структурасы, түрдүү деңгээлдеги бийликтин иерархиясы ж-а уюмдун башка белгилери: тартип, жүрүм-турум эрежелери ж. б. бир формага, тартипке келтирилген процесске, уюмдашкан мекемеге айкалышы. И-нун башкы формалары коомдук өзүн-өзү башкаруунун ж-а стихиялуу процесстердин, массалык же топтук кыймылдардын, толкундоолордун ж. б. деңгээлинде пайда болот. Бир гана шарты: И. үчүн аларда тартипке келтирилген, багытталган аракеттер, башкаруу ж-а уюштурууга жөндөмдүү лидерлер, кийин туруктуу жетектөөчү топ пайда болуп, башкарууга баш ийүүсү керек. И-нун өнүккөн формалары түзүлүп бүткөн саясий бийликтин, мекемелердин, саясий ассоциациялардын структурасы бар коомдун калыптанган саясий системасы м-н белгиленет.