Difference between revisions of "ИНСЕКТИЦИДДЕР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНСЕКТИЦИДДЕР (лат. insektum – курт-кумурска ж-а caedere – өлтүрүү) – пестициддердин табигый шартта ж-а агроэкосистемаларда зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылууга багытталган түрү. Дүйнөдө 200дөн ашык түрү белгилүү. Колдонулушу б-ча 4 топко (ичегилик, контакттык, системалык, фумиганттар) ж-а уулулугуна карата да 4кө (өтө күчтүү таасир эткен, өтө уулуу, уулуу, анча уулуу эмес) бөлүнөт. Жарым-жартылай таралуу мөөнөтү 10–15 жыл болгон хлорорг. И. (элдрин, хлордан, токсафен, диэлдрин ж. б.) чөйрөгө өзгөчө коркунучту туудурат, к. Пестициддер.
Ад.: Грапов А. Ф. Химические средства защиты растений XXI в.: (справочник). М., 2006.