Difference between revisions of "ИНЖИЛ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИНЖИЛ , Е в а н г е л и я (гр. euanqelion – жакшы кабар) – Библиянын бир бөлүгү; Кудайдан Ыйса пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык жазуу. Иисус Христостун «жердеги өмүрү» ж-а христиан дининин башкы жоболору баяндалган диний чыгарма. Канондук И. (Марктын, Матвейдин, Луканын, Иоанндын И-и, чиркөө аларды «Жаңы осуяттын» курамына киргизген) ж-а апокрифтик И. болуп бөлүнөт. И-дин авторлору деп апостолдорду же алардын окуучуларын эсептейт. Айрым маалыматтарга караганда И. 1-к-дын аягы – 2-к-дын башында жазылган деп болжолдонот.