Difference between revisions of "ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ – материалды индукциялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаасына жайгаштырылып, ошонун негизинде металлда индукциялык ток пайда болот. Ө. ж-да негизинен индукциялуу тигель ж-а индукциялуу канал мештери колдонулат. Т и г е л ь меши
суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын касиетине жараша карападан, ал эми айрым учурда графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда болот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эритилип, сыйымд. бир нече кгдан жүздөгөн т га
чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергиясы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магниттик энергияны жылуулук энергиясына айландырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр
өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат.
Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куймалары, чоюн эритилет. Сыйымд. жүздөгөн кгдан бир нече т га чейин жетет. И. м-те продукт таза алынат, тез ысытылат, темп-раны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чыгат, вакуумда ж-а газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат.