Difference between revisions of "ИНДУКЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНДУ́КЦИЯ (лат. inductio – сөзмө-сөз – кел­тирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотеза­га (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой кору­тундусу, б. а. мурдагы тажрыйбага таянып, бай­коонун ж-а эксперименттердин болочок натый­жасын алдын ала билүүгө байланышкан жал­пылоонун түрү. И. толук ж-а толук эмес болуп

айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук И. деп, ал эми жалпылоо факты­лардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин кам­тылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес И. деп аталат. Толук И-га караганда то­лук эмес И. пайдалуу, себеби ал белгилүү фак­тылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет ж-а анын жардамы м-н адамдын таанып­билүүсү кеңейет (к. Дедукция).