Difference between revisions of "АЖА'ИБ АЛ-БУЛДАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АЖА'ИБ АЛ-БУЛДАН''' («Ажайып өлкөлөр») – XV кылымдын аягы – XVI кылымдын биринчи чейрегинде жашаган  хорасандык белгилүү астроном, математик Низам ад-Дин Абд ал-Али ибн Мухаммад ибн Хусайн ал-Биржандинин тарыхый-географиялык эмгеги. Алгач бул эмгек кимге тиешелүү экени белгисиз болуп, кийинчерээк башка кол жазмаларга (мис., XVI к. Султан-Мухаммад ибн Дарвиш Мухаммад ал-Муфти ал-Балхинин «Маджмаг ал-гара'иб» аттуу эмгеги) салыштыруу менен автору аныкталган. Ал-Биржанди башка араб-перс авторлору сыяктуу өз эмгегинде өлкөлөрдү жети географиялык климатка (иклим) бөлгөн. Түрктөр жашаган аймактарды 6-климатка киргизип, анын түштүк тарабы 2908, түндүгү 2715 фарсахка (1 фарсах – 6–8 чакырым) барабар экенин көрсөтөт. Анда түрк уруулары «чигил», «котондуктар» (хотан) ж.б. менен катар «кыргыздар» (хырхыз) тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Ал боюнча кыргыздар түрк элдеринин бири болуп, намазды түштүккө карап окушкан жана сүйлөгөн сөздөрү бири-бирине уйкашып, ыргактуу угулган. Мындан тышкары алар үчүн Марс планетасы жаман жөрөлгө катары саналып, Чолпон менен Сатурнду ыйык тутуп, аларга сыйынышканы айтылат. Бул эмгек жалпы Борбордук Азия, ошондой эле Кыргызстан жана кыргыздарын тарыхын окууда маанилүү булактардын бири болуп саналат.  
'''АЖА'ИБ АЛ-БУЛДАН''' («Ажайып өлкөлөр») – XV кылымдын аягы – XVI кылымдын биринчи чейрегинде жашаган  хорасандык белгилүү [[астроном]], [[математик]] Низам ад-Дин Абд ал-Али ибн Мухаммад ибн Хусайн ал-Биржандинин тарыхый-географиялык эмгеги. Алгач бул эмгек кимге тиешелүү экени белгисиз болуп, кийинчерээк башка кол жазмаларга (мис., XVI к. Султан-Мухаммад ибн Дарвиш Мухаммад ал-Муфти ал-Балхинин «Маджмаг ал-гара'иб» аттуу эмгеги) салыштыруу менен автору аныкталган. Ал-Биржанди башка араб-перс авторлору сыяктуу өз эмгегинде өлкөлөрдү жети географиялык климатка (иклим) бөлгөн. [[Түрктөр]] жашаган аймактарды 6-климатка киргизип, анын түштүк тарабы 2908, түндүгү 2715 [[фарсах]]ка (1 фарсах – 6–8 чакырым) барабар экенин көрсөтөт. Анда түрк уруулары «[[чигил]]», «котондуктар» (хотан) ж.б. менен катар «[[кыргыздар]]» (хырхыз) тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Ал боюнча кыргыздар түрк элдеринин бири болуп, [[намаз]]ды түштүккө карап окушкан жана сүйлөгөн сөздөрү бири-бирине уйкашып, ыргактуу угулган. Мындан тышкары алар үчүн [[Марс]] [[планета]]сы жаман жөрөлгө катары саналып, [[Чолпон]] менен [[Сатурн]]ду [[ыйык]] тутуп, аларга сыйынышканы айтылат. Бул эмгек жалпы [[Борбордук Азия]], ошондой эле [[Кыргызстан]] жана кыргыздарын тарыхын окууда маанилүү булактардын бири болуп саналат.  


Ад.: Миклухо-Маклай Н. Д. Описание таджикских и персидских рукописей. М.-Л., 1955; Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары.Т. 1. /Котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев Б., 2002.
Ад.: Миклухо-Маклай Н. Д. Описание таджикских и персидских рукописей. М.-Л., 1955; Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары.Т. 1. /Котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев Б., 2002.

17:09, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

АЖА'ИБ АЛ-БУЛДАН («Ажайып өлкөлөр») – XV кылымдын аягы – XVI кылымдын биринчи чейрегинде жашаган хорасандык белгилүү астроном, математик Низам ад-Дин Абд ал-Али ибн Мухаммад ибн Хусайн ал-Биржандинин тарыхый-географиялык эмгеги. Алгач бул эмгек кимге тиешелүү экени белгисиз болуп, кийинчерээк башка кол жазмаларга (мис., XVI к. Султан-Мухаммад ибн Дарвиш Мухаммад ал-Муфти ал-Балхинин «Маджмаг ал-гара'иб» аттуу эмгеги) салыштыруу менен автору аныкталган. Ал-Биржанди башка араб-перс авторлору сыяктуу өз эмгегинде өлкөлөрдү жети географиялык климатка (иклим) бөлгөн. Түрктөр жашаган аймактарды 6-климатка киргизип, анын түштүк тарабы 2908, түндүгү 2715 фарсахка (1 фарсах – 6–8 чакырым) барабар экенин көрсөтөт. Анда түрк уруулары «чигил», «котондуктар» (хотан) ж.б. менен катар «кыргыздар» (хырхыз) тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Ал боюнча кыргыздар түрк элдеринин бири болуп, намазды түштүккө карап окушкан жана сүйлөгөн сөздөрү бири-бирине уйкашып, ыргактуу угулган. Мындан тышкары алар үчүн Марс планетасы жаман жөрөлгө катары саналып, Чолпон менен Сатурнду ыйык тутуп, аларга сыйынышканы айтылат. Бул эмгек жалпы Борбордук Азия, ошондой эле Кыргызстан жана кыргыздарын тарыхын окууда маанилүү булактардын бири болуп саналат.

Ад.: Миклухо-Маклай Н. Д. Описание таджикских и персидских рукописей. М.-Л., 1955; Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары.Т. 1. /Котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев Б., 2002.