Difference between revisions of "АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДУРАХМАН''' '''аптабачы''' (1844, Кокон хандыгы – 25. 5. 1881) – Кокон хандыгынын мамлекеттик  ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. ''Мусулманкул'' миң башынын уулу. 1845-жылы  14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму менен туугандашуу үчүн кызын ''Кудаяр ханга'' берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-жылы  Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен.

[[File:АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ36.png | thumb|Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив).]]
[[File:АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ36.png | thumb|Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив).]]
1870-жылдын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Абдурахман  аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873–74-жылдары  Абдурахман аптабачы Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн ''Полот хандын, Мамыр Мерген'' уулунун, ''Абдылдабектин'' ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-жылы Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-жылы июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кыргызстандын түштүгү жана Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген Абдурахман аптабачы, Калназар жана Сарымсак эшик ага 4000 аскери менен 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. Абдурахман аптабачы, Иса олуя ж.б. колдоосу менен анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). Абдурахман  аптабачы  менен Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-жылы элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-жылы январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта Абдурахман аптабачы жана аны менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бек, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. Абдурахман аптабачы адегенде Оренбург, кийин Екатеринославль (азыр Украинадагы Днепр шаары) шаарына жөнөтүлүп, Фергана өрөөнүндөгү менчик кирешелеринин эсебинен жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы Абдурахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-жылы  25-февралда Абдурахман  аптабачы  Мекеге барууга уруксат сурап, борбордук  бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-жылы 25-майда ошол эле жерде көз жумган. Мүрзөсү кайда экени белгисиз.

'''АБДУРАХМАН''' '''аптабачы''' (болжол менен 1844, [[Кокон хандыгы]] – 25. 05. 1881, [[Россия империясы]], Екатеринослав шаары) – Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Ичке моюн, узун чорголуу кумган өзбек-тажик тилдеринде «офтоба» (же «обдаста»)  деп айтылгандыктан, хан сарайда хандын жана кадырлуу меймандардын колуна суу куюп, сүлгү сунган кызматчы «офтобачи» деген наамга ээ болгон. Айрым тарыхый адабият же архив  документтеринде «афтобачи», «автобачи» түрүндө кезигиши мүмкүн. Абдурахмандын атасы [[Мусулманкул миңбашы]] (1794–1852) уюштурган ордодогу козголоңдун натыйжасында 1844-жылы жети (же он бир) күн хандык кылган [[Мурад]] (Шах-Мурад) хан өлтүрүлүп, 14 жашар Кудаярга кызын берген жана аны такка отургузгандан (кара: [[Кудаяр хан]]) кийин өзү «[[аталык]]» наамын алган. Бирок ич ара келишпөөчүлүк, атааңдаштык, бийлик талашуудан келип чыккан чыр-чатактардын найтыйжасында Мусулманкул 1852-жылы Кудаяр хандын буйругу менен дарга асылган. Ага карабай теңтуш катары ордодо чогуу өскөн Абдурахман алгач Кудаяр хандан мамилесин үзбөй, жөнөкөй «аптабачылык» кызматын улантып, кийин миңбашылык даражасына жеткен. Кудаяр хандын 1-, 2-, 3-хандыгы жана [[Мала хан]]дын (1858–1862) учурунда хандыкта салыктар өсүп, карапайым элдин абалы начарлоонун үстүндө болгон. 1873-жылы [[Анжиян]], [[Ош]]тун түштүк-батышындагы көчмөн кыргыздар салык төлөөдөн баш тартып, көтөрүлүш чыгарууга даярдана башташкан. Мындай кабар угулганда Кудаяр хан аларга каршы 4 миң сарбазы менен Абдурахман аптабачыны аттандырган. Ал кыргыздар менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды ийге келтирген жана Кудаяр хан менен келишим түзүү үчүн ар кайсы уруудан элчи катары 40 кишини Кокондогу ордого жиберген. Бирок, хан ал элчилердин баарынын башын алууга буйрук берген. Мындан кийин Абдурахман Кудаяр хандан кол үзгөнүн билдирип, кыргыздардын ичинде калган. 40 элчи өлтүрүлгөндөн кийин нааразычылык ого бетер тутанып, ошол эле жылы июль айында көтөрүлүшчүлөр [[Алим хан]]дын (1798–1809) бир уулу Болоттун (Полот, Пулат) атынан [[Искак Асан уулу]]н (1844–1876) [[Сафед-Булон]]до хан көтөрүшкөн. Аны көргөн Абдурахман кайра Кудаяр хан тарапка өтүп кеткен. Тоодон түшкөн кыргыздарга отурукташкан кыпчак, өзбек калкы биригип, алгач [[Өзгөн]], анан Сук тоосундагы хандын казынасы катылган дагы бир чепти алышкан. Көтөрүлүш күчөй берип, көп өтпөй [[Үч-Коргон]], [[Сузак]], Ош, Булак-Башы чептери көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өткөн. Кокон ханы аларга каршы Иса олуя менен Абдурахман жетектеген көп колун аттандырган. Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр [[Чаткал]]га чегинген. 1874-жылы жаз-жай айларында көтөрүлүш кайра уланып, Сафед-Булон, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынып, [[Касан шаары]] согушсуз ээленген. Аларга каршы Кудаяр хан Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паңсат башындагы күчтүү куралчан 7000 сыпай жана 1000 сарбаз жиберген. Алгач [[Наманган шаары]]на жакын, андан кийин Касан шаарынын жанында чечүүчү салгылашуулар болуп, жеңилген көтөрүлүшчүлөрдүн негизги бөлүгү кайрадан Чаткалга ооп кеткен. Кокондук жазалоочу аскерге башчылык кылган кызматы үчүн 1874-жылы Кудаяр хандан «[[Парваначы]]» наамын алган. 1875-жылы июль айынын башында Искак башында турган көтөрүлүшчүлөр кайрадан Чаткал өрөөнүнөн аттанып чыгып, Өзгөн аркылуу Ош – Кокон  багытына карай жылган. Жолдон аларга кыпчак, өзбек калкы кошулуп турган жана  Ош, Өзгөн, [[Анжиян]], Асаке, Маргалаң, Наманган жана Алты-Арык сыяктуу шаарларга жакындаган сайын көтөрүлүшчүлөрдүн саны өсүп, Кокон хандыгынын түштүк-чыгыш бөлүгү толук бойдон алардын колуна өткөн. Натыйжада Кокондун кол алдындагы бардык аймактарында толкундоолор күчөгөн. Көтөрүлүштү басуу үчүн Кудаяр хан бул жолу да башында Абдурахман аптабачы, Иса-Олуя жана Насыр датка турган 4 миң адамдан турган аскерин жиберген. 1875-жылы 17-июлда алар кол алдындагы сарбаздары жана Анжиянда бек болуп турган Кудаяр хандын тун уулу Насирдин менен бирге көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кеткен. Аскеринен ажыраган Кудаяр хан 1875-жылы 20-июнда жардам сурап, [[Түркстан генерал-губернаторлугу]]нун башчысы К. П. [[фон Кауфман]]га (1818–1882) кайрылууга аргасыз болгон. 22-июлда Кудаяр хан үй-бүлөсүн алып, шашылыш [[Ташкент шаары]]н карай качкандан кийин көтөрүлүшчүлөр Кокон шаарына кирген жана Абдурахман аптабачынын сунушу менен Кокондун тагына [[Насирдин]] (1875-жылы июлдан – 9-октябрга чейин) отурган. Насирдин көтөрүлүштү басууну кайра эле Абдурахман аптабачыга тапшырган, натыйжада көтөрүлүштүн башчысы Искак кармалып, Махрам түрмөсүнө камалган. Бирок көтөрүлүштү токтотуу мүмкүн болбой калганын көргөн Абдурахман аны капырларга каршы пайдаланууну көздөгөн. Өзү башында турган кокон аскери көп өтпөй Маргалаң, Наманган, Махрам шаарларын алышкан. Август айынын орто ченинде Ташкент – Кожент жолундагы бир нече станцияны талкалап, Ташкенттен 40 чакырымдай жерге чейин жетишкен. Кырдаал курчуп баратканын көргөн [[генерал-губернатор]] К. П. фон Кауфман Кудаяр ханды кат жүзүндө жардам суроого көндүрүп, ага ылайык полковник М. Д. Скобелевдин (1843–1882) жетекчилигинде 20 оор замбирек, 8 ракета станогу менен куралданган 7 миң (16 рота, 8 жүздүк) орус аскерин Фергана өрөөнүнө аттандырган. 22-августтагы айыгышкан салгылашуулардан кийин орус аскери Махрамды алган, ушул күнү Искак түрмөдөн чыгып, көтөрүлүшчүлөргө кошулган. 1200 кишисинен ажыраган көтөрүлүшчүлөр Коконго чегинген, бирок Насирдин хан шаардын дарбазасын жаптырып, аларды киргиздирбей койгон. 1875-жылы сентябрь айынын аяк ченинде саны 70 миңге чукул көтөрүлүшчүлөр Анжиян шаарынын айланасына чогулуп, Абдурахман аптабачынын сунушу менен Искакты кайрадан өзүлөрүнө жетекчи кылып алышкан. Аларга каршы генерал-майор В. Н. Троцкий башында турган 1400 орус аскери аттанып келип, 1–5-октябрдагы согушта алар жеңилип калышкан. Мындан кийин көтөрүлүшчүлөр Кокон шаарына кирген жана 10-октябрда Насирдин хан орус аскерин баш паанек кылып, Кожентке качкан. Бирок декабрь айында Намангандын алдындагы беттешүүдө көтөрүлүшчүлөр жеңилип, 1876-жылы 2 (14)-январда орус аскери согушсуз Кокон шаарына кирген. 24-январда (жаңы стиль менен 5-февраль) Абдурахман жанындагы 500 жоокери жана өзүн коштоп жүргөн 26 бий, бектер менен Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта өз ыктыярында колго түшкөн. Абдурахман аптабачы адегенде [[Оренбург]], кийин Екатеринославль (азыркы Украинадагы Днепр шаары) шаарына жөнөтүлүп, Фергана өрөөнүндөгү менчик кирешелеринин эсебинен жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйругу менен орус падышачылыгы Абдурахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. Ал [[Түркстан]]га кайтууну өтүнүп, бир нече жолу орус бийлигине кайрылган, бирок эч кандай жооп ала албай жүрүп, 1881-жылы 25-майда ошол эле жерде көз жумган. Мүрзөсү кайда экени белгисиз.

Ад.: Россель Ю. А. Среднеазиатская культура и наша политика на Востоке. /Вестник Европы,1878, № 6, 7; История завоевания Средней Азии : с картами и планами : [в 3 т.] /ген.-лейт. М. А. Терентьев. Т. 2. СПб, 1906; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

16:08, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив).

АБДУРАХМАН аптабачы (болжол менен 1844, Кокон хандыгы – 25. 05. 1881, Россия империясы, Екатеринослав шаары) – Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Ичке моюн, узун чорголуу кумган өзбек-тажик тилдеринде «офтоба» (же «обдаста»)  деп айтылгандыктан, хан сарайда хандын жана кадырлуу меймандардын колуна суу куюп, сүлгү сунган кызматчы «офтобачи» деген наамга ээ болгон. Айрым тарыхый адабият же архив  документтеринде «афтобачи», «автобачи» түрүндө кезигиши мүмкүн. Абдурахмандын атасы Мусулманкул миңбашы (1794–1852) уюштурган ордодогу козголоңдун натыйжасында 1844-жылы жети (же он бир) күн хандык кылган Мурад (Шах-Мурад) хан өлтүрүлүп, 14 жашар Кудаярга кызын берген жана аны такка отургузгандан (кара: Кудаяр хан) кийин өзү «аталык» наамын алган. Бирок ич ара келишпөөчүлүк, атааңдаштык, бийлик талашуудан келип чыккан чыр-чатактардын найтыйжасында Мусулманкул 1852-жылы Кудаяр хандын буйругу менен дарга асылган. Ага карабай теңтуш катары ордодо чогуу өскөн Абдурахман алгач Кудаяр хандан мамилесин үзбөй, жөнөкөй «аптабачылык» кызматын улантып, кийин миңбашылык даражасына жеткен. Кудаяр хандын 1-, 2-, 3-хандыгы жана Мала хандын (1858–1862) учурунда хандыкта салыктар өсүп, карапайым элдин абалы начарлоонун үстүндө болгон. 1873-жылы Анжиян, Оштун түштүк-батышындагы көчмөн кыргыздар салык төлөөдөн баш тартып, көтөрүлүш чыгарууга даярдана башташкан. Мындай кабар угулганда Кудаяр хан аларга каршы 4 миң сарбазы менен Абдурахман аптабачыны аттандырган. Ал кыргыздар менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды ийге келтирген жана Кудаяр хан менен келишим түзүү үчүн ар кайсы уруудан элчи катары 40 кишини Кокондогу ордого жиберген. Бирок, хан ал элчилердин баарынын башын алууга буйрук берген. Мындан кийин Абдурахман Кудаяр хандан кол үзгөнүн билдирип, кыргыздардын ичинде калган. 40 элчи өлтүрүлгөндөн кийин нааразычылык ого бетер тутанып, ошол эле жылы июль айында көтөрүлүшчүлөр Алим хандын (1798–1809) бир уулу Болоттун (Полот, Пулат) атынан Искак Асан уулун (1844–1876) Сафед-Булондо хан көтөрүшкөн. Аны көргөн Абдурахман кайра Кудаяр хан тарапка өтүп кеткен. Тоодон түшкөн кыргыздарга отурукташкан кыпчак, өзбек калкы биригип, алгач Өзгөн, анан Сук тоосундагы хандын казынасы катылган дагы бир чепти алышкан. Көтөрүлүш күчөй берип, көп өтпөй Үч-Коргон, Сузак, Ош, Булак-Башы чептери көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өткөн. Кокон ханы аларга каршы Иса олуя менен Абдурахман жетектеген көп колун аттандырган. Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр Чаткалга чегинген. 1874-жылы жаз-жай айларында көтөрүлүш кайра уланып, Сафед-Булон, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынып, Касан шаары согушсуз ээленген. Аларга каршы Кудаяр хан Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паңсат башындагы күчтүү куралчан 7000 сыпай жана 1000 сарбаз жиберген. Алгач Наманган шаарына жакын, андан кийин Касан шаарынын жанында чечүүчү салгылашуулар болуп, жеңилген көтөрүлүшчүлөрдүн негизги бөлүгү кайрадан Чаткалга ооп кеткен. Кокондук жазалоочу аскерге башчылык кылган кызматы үчүн 1874-жылы Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-жылы июль айынын башында Искак башында турган көтөрүлүшчүлөр кайрадан Чаткал өрөөнүнөн аттанып чыгып, Өзгөн аркылуу Ош – Кокон  багытына карай жылган. Жолдон аларга кыпчак, өзбек калкы кошулуп турган жана  Ош, Өзгөн, Анжиян, Асаке, Маргалаң, Наманган жана Алты-Арык сыяктуу шаарларга жакындаган сайын көтөрүлүшчүлөрдүн саны өсүп, Кокон хандыгынын түштүк-чыгыш бөлүгү толук бойдон алардын колуна өткөн. Натыйжада Кокондун кол алдындагы бардык аймактарында толкундоолор күчөгөн. Көтөрүлүштү басуу үчүн Кудаяр хан бул жолу да башында Абдурахман аптабачы, Иса-Олуя жана Насыр датка турган 4 миң адамдан турган аскерин жиберген. 1875-жылы 17-июлда алар кол алдындагы сарбаздары жана Анжиянда бек болуп турган Кудаяр хандын тун уулу Насирдин менен бирге көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кеткен. Аскеринен ажыраган Кудаяр хан 1875-жылы 20-июнда жардам сурап, Түркстан генерал-губернаторлугунун башчысы К. П. фон Кауфманга (1818–1882) кайрылууга аргасыз болгон. 22-июлда Кудаяр хан үй-бүлөсүн алып, шашылыш Ташкент шаарын карай качкандан кийин көтөрүлүшчүлөр Кокон шаарына кирген жана Абдурахман аптабачынын сунушу менен Кокондун тагына Насирдин (1875-жылы июлдан – 9-октябрга чейин) отурган. Насирдин көтөрүлүштү басууну кайра эле Абдурахман аптабачыга тапшырган, натыйжада көтөрүлүштүн башчысы Искак кармалып, Махрам түрмөсүнө камалган. Бирок көтөрүлүштү токтотуу мүмкүн болбой калганын көргөн Абдурахман аны капырларга каршы пайдаланууну көздөгөн. Өзү башында турган кокон аскери көп өтпөй Маргалаң, Наманган, Махрам шаарларын алышкан. Август айынын орто ченинде Ташкент – Кожент жолундагы бир нече станцияны талкалап, Ташкенттен 40 чакырымдай жерге чейин жетишкен. Кырдаал курчуп баратканын көргөн генерал-губернатор К. П. фон Кауфман Кудаяр ханды кат жүзүндө жардам суроого көндүрүп, ага ылайык полковник М. Д. Скобелевдин (1843–1882) жетекчилигинде 20 оор замбирек, 8 ракета станогу менен куралданган 7 миң (16 рота, 8 жүздүк) орус аскерин Фергана өрөөнүнө аттандырган. 22-августтагы айыгышкан салгылашуулардан кийин орус аскери Махрамды алган, ушул күнү Искак түрмөдөн чыгып, көтөрүлүшчүлөргө кошулган. 1200 кишисинен ажыраган көтөрүлүшчүлөр Коконго чегинген, бирок Насирдин хан шаардын дарбазасын жаптырып, аларды киргиздирбей койгон. 1875-жылы сентябрь айынын аяк ченинде саны 70 миңге чукул көтөрүлүшчүлөр Анжиян шаарынын айланасына чогулуп, Абдурахман аптабачынын сунушу менен Искакты кайрадан өзүлөрүнө жетекчи кылып алышкан. Аларга каршы генерал-майор В. Н. Троцкий башында турган 1400 орус аскери аттанып келип, 1–5-октябрдагы согушта алар жеңилип калышкан. Мындан кийин көтөрүлүшчүлөр Кокон шаарына кирген жана 10-октябрда Насирдин хан орус аскерин баш паанек кылып, Кожентке качкан. Бирок декабрь айында Намангандын алдындагы беттешүүдө көтөрүлүшчүлөр жеңилип, 1876-жылы 2 (14)-январда орус аскери согушсуз Кокон шаарына кирген. 24-январда (жаңы стиль менен 5-февраль) Абдурахман жанындагы 500 жоокери жана өзүн коштоп жүргөн 26 бий, бектер менен Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта өз ыктыярында колго түшкөн. Абдурахман аптабачы адегенде Оренбург, кийин Екатеринославль (азыркы Украинадагы Днепр шаары) шаарына жөнөтүлүп, Фергана өрөөнүндөгү менчик кирешелеринин эсебинен жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйругу менен орус падышачылыгы Абдурахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. Ал Түркстанга кайтууну өтүнүп, бир нече жолу орус бийлигине кайрылган, бирок эч кандай жооп ала албай жүрүп, 1881-жылы 25-майда ошол эле жерде көз жумган. Мүрзөсү кайда экени белгисиз.

Ад.: Россель Ю. А. Среднеазиатская культура и наша политика на Востоке. /Вестник Европы,1878, № 6, 7; История завоевания Средней Азии : с картами и планами : [в 3 т.] /ген.-лейт. М. А. Терентьев. Т. 2. СПб, 1906; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.