Difference between revisions of "АБДРАХМАНОВ Болотбек"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДРАХМАНОВ''' '''Болотбек Джумашович''' [31. 05. 1958-жылы туулган, [[Кыргыз ССРи]], [[Ысык-Көл облусу]], Балыкчы (азыркы Ысык-Көл) району, Тамчы айлы] – коопсуздук кызматынын ардактуу ардагери, он томдук «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920–1953)» аттуу китепти түзүүнүн демилгечиси, редактору; тарых илимдеринин доктору (2022). 1980-жылы [[Фрунзе шаары]]ндагы политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүрүп, 1980–1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1982–1984-жылдары автомобилди техникалык тейлөө тармагында инженер, 1984–1985-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь районунда комсомол комитетинин 2-катчысы, 1985–1987-жылдары [[Москва шаары]]ндагы Ф. Дзержинский атындагы [[СССР]]дин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебинин угуучусу. 1987–2006-жылдары [[Кыргыз Республикасы]]нын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, анын ичинде 1994–1998-жылдары КРдин улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы маалыматтык-аналитика борборунун башчысы, 1998–2002-жылдары КР Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002–2006-жылдары [[Чүй]] облустук башкармалыктарынын башчысы. 2006–2009-жылдары КРдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде жооптуу кызматтарды аткарып, 2010–2011-жылдары КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, 2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) ыкчам анализдөө башкармалыгынын башчысы, 2013–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы генерал-лейтенант А. К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысы кызматтарын аткарган. 2017–2019-жылдары [[И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети]]нде доценттин милдетин аткаруучу, 2017–2019-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматчыларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу борборунун башчысы. 2023-жылдын январь айынан «[[А]][[та-Бейит]]» – Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери, 2023-жылдын август айынан кийин анын директору. Негизинен 30–40-жылдардагы жана 50-жылдардын башындагы [[репрессия]]лардын курмандыктарына карата адилеттүүлүктү калыбына келтирүү боюнча кошумча иш-чаралар жөнүндө СССР Жогорку | '''АБДРАХМАНОВ''' '''Болотбек Джумашович''' [31. 05. 1958-жылы туулган, [[Кыргыз ССРи]], [[Ысык-Көл облусу]], Балыкчы (азыркы Ысык-Көл) району, Тамчы айлы] – коопсуздук кызматынын ардактуу ардагери, он томдук «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920–1953)» аттуу китепти түзүүнүн демилгечиси, редактору; тарых илимдеринин доктору (2022). 1980-жылы [[Фрунзе шаары]]ндагы политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүрүп, 1980–1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1982–1984-жылдары автомобилди техникалык тейлөө тармагында инженер, 1984–1985-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь районунда комсомол комитетинин 2-катчысы, 1985–1987-жылдары [[Москва шаары]]ндагы Ф. Дзержинский атындагы [[СССР]]дин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебинин угуучусу. 1987–2006-жылдары [[Кыргыз Республикасы]]нын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, анын ичинде 1994–1998-жылдары КРдин улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы маалыматтык-аналитика борборунун башчысы, 1998–2002-жылдары КР Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002–2006-жылдары [[Чүй]] облустук башкармалыктарынын башчысы. 2006–2009-жылдары КРдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде жооптуу кызматтарды аткарып, 2010–2011-жылдары КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, 2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) ыкчам анализдөө башкармалыгынын башчысы, 2013–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы генерал-лейтенант А. К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысы кызматтарын аткарган. 2017–2019-жылдары [[И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети]]нде доценттин милдетин аткаруучу, 2017–2019-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматчыларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу борборунун башчысы. 2023-жылдын январь айынан «[[А]][[та-Бейит]]» – Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери, 2023-жылдын август айынан кийин анын директору. Негизинен 30–40-жылдардагы жана 50-жылдардын башындагы [[репрессия]]лардын курмандыктарына карата адилеттүүлүктү калыбына келтирүү боюнча кошумча иш-чаралар жөнүндө [[СССР Жогорку Совети]]нин Президимунун 1989-жылдын 16-январындагы указына ылайык Кыргызстанда жүргөн саясий репрессия тууралуу архивдик ж.б. маалыматтарды жыйноо-тактоо жана жалган жалаа менен куугунтукталгандарды актоо үстүндө иш жүргүзгөн. 1991-жылы апрель айында Бүбүра Кыдыралиеванын (1928–2024) бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1938-жылы 5–8-ноябрында өлүм жазасына тартылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди аныктап, казуу иштеринин демилгечиси болгон жана алардын ар биринин аты-жөнүн тактап чыккан. 7 монографиянын, окуу колдонмолордун, окуу китептердин жана 60тан ашык илимий макалалардын автору. | ||
Эмг.: Политика ликвидации кулачества как класса в 20-30-е годы в Кыргызстане (на материалах ОГПУ-НКВД). Б.,2017; Деятельность ЧК-ОГПУ-НКВД-МГБ-КГБ Кыргызстана 1918-1991гг. Б., 2017: О деятельности первых руководителей органов ОГПУ-ВЧК-НКВД Туркестанского края и Кыргызстана. Б., 2020; Репрессивные меры, осуществленные карательными органами Кыргызстана в 1918-1938гг. Б., 2021. | Эмг.: Политика ликвидации кулачества как класса в 20-30-е годы в Кыргызстане (на материалах ОГПУ-НКВД). Б.,2017; Деятельность ЧК-ОГПУ-НКВД-МГБ-КГБ Кыргызстана 1918-1991гг. Б., 2017: О деятельности первых руководителей органов ОГПУ-ВЧК-НКВД Туркестанского края и Кыргызстана. Б., 2020; Репрессивные меры, осуществленные карательными органами Кыргызстана в 1918-1938гг. Б., 2021. |
13:33, 27 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
АБДРАХМАНОВ Болотбек Джумашович [31. 05. 1958-жылы туулган, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Балыкчы (азыркы Ысык-Көл) району, Тамчы айлы] – коопсуздук кызматынын ардактуу ардагери, он томдук «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920–1953)» аттуу китепти түзүүнүн демилгечиси, редактору; тарых илимдеринин доктору (2022). 1980-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүрүп, 1980–1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1982–1984-жылдары автомобилди техникалык тейлөө тармагында инженер, 1984–1985-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь районунда комсомол комитетинин 2-катчысы, 1985–1987-жылдары Москва шаарындагы Ф. Дзержинский атындагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебинин угуучусу. 1987–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, анын ичинде 1994–1998-жылдары КРдин улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы маалыматтык-аналитика борборунун башчысы, 1998–2002-жылдары КР Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002–2006-жылдары Чүй облустук башкармалыктарынын башчысы. 2006–2009-жылдары КРдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде жооптуу кызматтарды аткарып, 2010–2011-жылдары КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, 2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) ыкчам анализдөө башкармалыгынын башчысы, 2013–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы генерал-лейтенант А. К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысы кызматтарын аткарган. 2017–2019-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде доценттин милдетин аткаруучу, 2017–2019-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматчыларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу борборунун башчысы. 2023-жылдын январь айынан «Ата-Бейит» – Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери, 2023-жылдын август айынан кийин анын директору. Негизинен 30–40-жылдардагы жана 50-жылдардын башындагы репрессиялардын курмандыктарына карата адилеттүүлүктү калыбына келтирүү боюнча кошумча иш-чаралар жөнүндө СССР Жогорку Советинин Президимунун 1989-жылдын 16-январындагы указына ылайык Кыргызстанда жүргөн саясий репрессия тууралуу архивдик ж.б. маалыматтарды жыйноо-тактоо жана жалган жалаа менен куугунтукталгандарды актоо үстүндө иш жүргүзгөн. 1991-жылы апрель айында Бүбүра Кыдыралиеванын (1928–2024) бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1938-жылы 5–8-ноябрында өлүм жазасына тартылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди аныктап, казуу иштеринин демилгечиси болгон жана алардын ар биринин аты-жөнүн тактап чыккан. 7 монографиянын, окуу колдонмолордун, окуу китептердин жана 60тан ашык илимий макалалардын автору.
Эмг.: Политика ликвидации кулачества как класса в 20-30-е годы в Кыргызстане (на материалах ОГПУ-НКВД). Б.,2017; Деятельность ЧК-ОГПУ-НКВД-МГБ-КГБ Кыргызстана 1918-1991гг. Б., 2017: О деятельности первых руководителей органов ОГПУ-ВЧК-НКВД Туркестанского края и Кыргызстана. Б., 2020; Репрессивные меры, осуществленные карательными органами Кыргызстана в 1918-1938гг. Б., 2021.