Difference between revisions of "АШИНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
1 -сап: 1 -сап:
'''АШИНА‒''' байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытайдын «Бей ши» (304‒436), «Чжоу шу» (556‒581), «Бей Ци шу» (550‒577) жана «Суй шу» (589‒619) тарых наамаларында кездешет. Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири боюнча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаган. Алар 70 бир тууган болуп, эӊ улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калганы айтылат.  Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кеткен. Экинчиси ‒ Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонетикалык варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) менен Гян (Кем, башкача айтканда Енисей) дарыясынын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарыптыр. Алардын эӊ улуусу Надулу-шадды жергиликтүү калк падыша шайлап алышкан. Надулу-шад эӊ кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соӊ анын балдары Ашинаны баарынан бийик секиргендиги үчүн Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышкан. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негиздеген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. ''Аристов'' Со аймагын Алтайдын түндүк этегиндеги Лебедь суусунун Бий дарыясына куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Ни шодунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катун дарыясына куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишо дунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей менен Абакан дарыяларынын ортосуна жайгаштырат. Түрк урууларынын чыгышы жөнүндөгү экинчи уламыш боюнча алардын түпкү ата-бабалары бир чоӊ саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишет. Аны ургаачы карышкыр багып чоӊойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоӊ үӊкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоӊойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири ‒ Ашина жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калат. Кийинчерээк Асяншад деген жол башчы Ашина уруусун үӊкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, Ашина  сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну боюнча Ашина  уруусунун чыгышы Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстан менен байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булакта: «Тукйүенин (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинлянды н ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты ‒ ашина. Түндүк вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда. Ашина  (уруу жол башчысы) 500 үй-бүлө менен жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү менен кесиптенишкен» деп эскерилет. Ашина  уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин ''жужандарга'' көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. Ашина  уруусунун жол башчылары Асяншад, Туу жана Бумын жүз жылга жакын мезгилде коӊшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикмесинин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаӊы термин пайда болуп, ал адегенде Ашина  ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекеттин атына айланган.
Ад.: ''Бичурин Н. Я''. Собрание сведений народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950 Т. 1; ''Зуев Ю. А''. Древнетюркские генеалоги ческие предания как источник по ранней истории тюрков. А.-А., 1967; ''Өмүркул Кара уулу.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Кляшторный С. Г.'' История Центральной Азии и памятники рунического письма. Спб., 2003.
'''АШИНА ‒''' көчмөн түрк элин бириктирип, зор [[империя]] түптөөгө негиз салган байыркы ак сөөк, тектүү уруулардын бири; [[гунн]] (сюнну) доорунан түрк элинин өзөгү ушул уруунун айланасында калыптанган. Ашина уруусу тууралуу маалыматтар алгач [[уламыш]] түрүндө байыркы Кытайдын «Бэй ши» (304–436), «Чжоу шу» (556–81), «Суй шу» (589–619) ж.б. династияларынын тарыхында кездешет. Алардын биринде түрктөрдүн байыркы ата-теги Батыш деңизинин (Сихай) батышында бир аймакта жашап, «ашина» деп аталганы жана гунн урууларынын өзүнчө тукуму болгону, кийинчерээк кошуна уруулардын бири тарабынан талкаланып, толук кырылганда, он жашар бала гана тирүү калганы, көп өтпөй анын уругу кайрадан көбөйгөнү тууралуу айтылат. Ошондой эле Вэй императору Тхай-вунун (440–451) тушунда Ашина азырак урук-туугандары менен жужаңдарга качып келип, [[Алтай]] (Цзиньшань) тоолорунун түштүгүн конуштап калышканы эскерилет. Жаратылышы боюнча Алтай тоолору жоокерлердин жортуулга кийген баш кийми – [[туулга]]га окшош болгондуктан алар [[моңгол]] тилиндеги «дуулга» деген сөз аркылуу өзүлөрүн «тукюе» деп аташкан. Башка бир уламышта 70 бир туугандан турган түрктөр гунндардын түндүгүндөгү Со деген аймакты мекендеп, аларды Апанбу деген башчысы бийлегени, бир туугандардын бири Ичжини-нишыду дегендин энеси [[карышкыр]] болгону жана ал эки аял алып, биринчи аялы 4 уул төрөп, экинчи уулу «Цигу» деген ат менен Афу (Абакан) менен Гянь (Енисей) дарыяларынын ортосунда падышалык кылса, эң улуусу Надулу-ше он аял алып, анын кичүү аялынан Ашина туулганы айтылат. Азыркы учурда мындай уламыштардын жаралышы, алардын чечмелениши же чын-төгүнү боюнча түрдүү илимий пикирлер калыптанган. «Цигу» деген [[антропоним]] негизинен «кыргыз» [[этноним]]ине тиешелүү болуп, алгач француз синологдору Ж. де Гинь (1721–1800), С. Жюльен (1797–1873) «ги-гэ» деп чечмелешсе, орус лингвисти С. E. [[Яхонтов]] (1926–2018) кийин «кигу» деп окуган (кара: [[Байыркы кыргыздар]]). Мындай [[термин]] башка жазма маалыматтарда жолукпайт жана кытай тарыхчылары тарабынан түшүндүрмө берилбей, Н. [[Бичурин]]де да чечмелеген эмес. Көпчүлүк окумуштуулардын (мис., В. В. [[Бартольд]], С. П. Толстов ж. б.) пикиринде «ашина» бир аскер союзуна бириккен бир нече уруулардын жалпылама аталышы болгон. А. [[Бернштам]], Ю. Зуев, Д. Савинов, С. Кляшторный ж.б. ашина уруусунун аталышын сактардын «asana» (кадырлуу, урматтуу) деген сөзүнө байланыштырып, алардын түпкү теги сак-усундардан тараганын белгилешет. С. Г. Кляшторный жергиликтүү индоевропалык калк менен тыгыз байланышуу аркылуу ашина уруусунун калыптанышынын биринчи этабы азыркы [[Чыгыш Түркстан]] жана Кытайдын батыш аймактарында (Ганьсу-Гаочан) аяктаган деген тыянакка келген. Анын пикиринде бул мезгил б.з. III кылымдарында башталып, 460-жылга (түрктөрдүн Алтайга оошу) чейин созулат. Ашина жана [[усундар]]га тиешелүү жазма булактардагы маалыматтарды салыштыруудан кийин Ю. Зуев бул эки уруунун [[этника]]лык жакындыгын эскертет, бирок ашина уруусунун [[тотем]]и карышкыр (бөрү) болсо, усундар каргага сыйынышкан. Бөрүнүн [[моңгол тили]]нде «шоно//чино», ал эми «а» [[аффикс]]и [[кытай тили]]нде урмат-сый белгиси катары колдонгондуктан, Н. Бичурин, Л. Гумилев, М. Артамонов ж.б. аларды байыркы моңгол урууларына байланыштыркан. [[Авеста]]дагы «күлүк атчан турлар» жана хунндардын ичиндеги (3-кылым) «күчтүү, кадырлуу» уруулардын бири «ту-гэ» уруусун мисал кылган Д. Е. Еремеев «түрк» этнониминин чыгышын байыркы ирандыктарга байланыштырат. А. Кононов боюнча түрктөр алгач «ашина» уруусунун тукумуна гана таандык саясий термин болуп, кийин ал түрк каганындыгына бириккен уруулардын жалпылама атына айланган. П. Пельонун пикиринде кытайлыктар колдонгон «ту-кюе» формасы алгач моңгол тилинен кирген «түрк» деген сөздүн көптүк түрү «ат» («ит», «үт», б. а. «түрк + үт») болгон. 545-жылы 50 миң түтүн т[[еле уруулары]] (С. Г. Кляшторный боюнча «гаоцзюй/теле – өзүлөрүн огуздар» деп аташкан) жужаңдарга каршы көтөрүлүш чыгарган, кийинки жылы алар түрктөр менен союзга биригип, бийлик ашина уруусунун кол башчысы (542–552) [[Бумын]] (кыт. Тумынь, байыркы түрк тилинде Bumyn) каганга тийген. Ал 551-жылы Батыш Вэй императору Тайцзу менен союз түзгөн жана жужаңдарды кайра талкалагандан кийин «Или-кэхань» (айрым окумуштуулар боюнча «ilig gaγan») «Ил-хан» – «жалпы түрк элинин ханы») деген наам алып, натыйжада Улуу Түрк кагандыгы түзүлгөн. Анын уулу Кара-Ысык хан (552–553) жужаңдарды толук кыйратып, Мукан кагандын (553–572) тушунда алардын акыркы калдыктары талкаланган. Ушул учурда түрктөр Алтайга толук ээлик кылып, чыгыштагы чек арасы Хинган тоолоруна жеткен (кара: [[Чыгыш түрк кагандыгы]]). Кагандыктын батыш бөлүгүнө бийлик жүргүзгөн [[Истеми каган]]дын тушунда (554–576) сасаниддик [[Иран]] жана [[Византия]] менен саясий алака түзүлүп (кара: [[Батыш түрк кагандыгы]]), [[Орто Азия]]дагы эфталиттердин мамлекети талкаланган. 560-жылы [[Ташкент]] (Чач, Таш) оазиси жана Зарафшан ойдуңу, 565-жылы [[Согду]] каратылган. 570–576-жылы түрктөр Түндүк [[Кавказ]]дан [[Крым]]га чейинки зор аймакка ээ болуп, 576-жылы [[Боспор]]ду басып алгандан кийин [[Улуу жибек жолу]] Түрк кагандыгынын толук көзөмөлүнө өткөн. Бийликтин башында каган, андан кийин кагандын жакын тууганы «жабгу», 3-орунда «шад», «элтебер», «тутуктар» турган. Шаддар негизинен облусту бийлеп, кагандын бардык туугандары «тегин», ал эми жогорку даражадагы чиновниктер «тархан», 24 класстан турган эң төмөнкү баскычтагылар «буюрук» деп аталган. Социалдык жактан ак сөөк («бектер»), карапайым эл («кара будуң») жана согушта колго түшкөн кулдар («таттар») деген үч катмардан турган. 568-жылы Түрк кагандыгы төрт, 576-жылы сегиз облуска бөлүнүп, кагандын ордосу Алтайда жайгашкан. Тобо хандын (кытайча «Tobokehan», грекче «Арсила», С. Г. Кляшторный боюнча «Таспар каган», Л. Гумилёв боюнча «Табак» же «Тапу хан») тушунда (572–581) ич ара келишпестиктер күчөгөн жана 581-жылы Кытайдагы династиялык төңкөрүшкө байланыштуу жибекти тышка чыгаруу токтотулуп, натыйжада Түрк кагандыгы алсырай баштаган. 598-ж. Кытай менен түрктөрдүн ортосунда согуш башталып, Жангар башында турган чыгыш түрктөрү Суй империясын колдоп чыккан. 603-жылы Түрк кагандыгы экиге бөлүнүп, Батыш түрк кагандыгын Ил-тегин (Нили-хан) Буюрук (603–604), Чыгыш түрк кагандыгын Жангар Кимин-каган (603–608) бийлеп калган. Көптөгөн манасчылар (мис., саруулардан Алаш; саяктан Кыштообай уулу Медер; бугудан Дыйкамбай, Акылбек; сарыбагыштан [[Найманбай]]; белгилүүлөрдөн [[Сагымбай Орозбаков]], [[Тыныбек]] ж. б.) менен баарлашып, алардын өз оозунан Огуз-хандын тарыхын тактаган Б. [[Солтоноев]] Жакыптан мурунку [[Манас]]тын ата-бабалары 1) Түмөн, 2) Бөөн хан, 3) Кара хан болгонун белгилеп кеткен.

Ад.: Бартольд В. В. Работы по отдельным проблемам истории Средней Азии. /Соч., Т. II. Ч. 2. М., 1964; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии.  М., 1964; Еремеев Д. Е. Этногенез турок (происхождение и основные этапы этнической истории). М., 1971; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 2; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1999; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Караев Ө. Байыркы түрктөр жана алгачкы огуз-түркмөндөр. //«Манас» университетинин коомдук илимдер журналы. Б., 2003; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.

''Ө. Караев.''

''Ө. Караев.''

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

15:13, 19 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

АШИНА ‒ көчмөн түрк элин бириктирип, зор империя түптөөгө негиз салган байыркы ак сөөк, тектүү уруулардын бири; гунн (сюнну) доорунан түрк элинин өзөгү ушул уруунун айланасында калыптанган. Ашина уруусу тууралуу маалыматтар алгач уламыш түрүндө байыркы Кытайдын «Бэй ши» (304–436), «Чжоу шу» (556–81), «Суй шу» (589–619) ж.б. династияларынын тарыхында кездешет. Алардын биринде түрктөрдүн байыркы ата-теги Батыш деңизинин (Сихай) батышында бир аймакта жашап, «ашина» деп аталганы жана гунн урууларынын өзүнчө тукуму болгону, кийинчерээк кошуна уруулардын бири тарабынан талкаланып, толук кырылганда, он жашар бала гана тирүү калганы, көп өтпөй анын уругу кайрадан көбөйгөнү тууралуу айтылат. Ошондой эле Вэй императору Тхай-вунун (440–451) тушунда Ашина азырак урук-туугандары менен жужаңдарга качып келип, Алтай (Цзиньшань) тоолорунун түштүгүн конуштап калышканы эскерилет. Жаратылышы боюнча Алтай тоолору жоокерлердин жортуулга кийген баш кийми – туулгага окшош болгондуктан алар моңгол тилиндеги «дуулга» деген сөз аркылуу өзүлөрүн «тукюе» деп аташкан. Башка бир уламышта 70 бир туугандан турган түрктөр гунндардын түндүгүндөгү Со деген аймакты мекендеп, аларды Апанбу деген башчысы бийлегени, бир туугандардын бири Ичжини-нишыду дегендин энеси карышкыр болгону жана ал эки аял алып, биринчи аялы 4 уул төрөп, экинчи уулу «Цигу» деген ат менен Афу (Абакан) менен Гянь (Енисей) дарыяларынын ортосунда падышалык кылса, эң улуусу Надулу-ше он аял алып, анын кичүү аялынан Ашина туулганы айтылат. Азыркы учурда мындай уламыштардын жаралышы, алардын чечмелениши же чын-төгүнү боюнча түрдүү илимий пикирлер калыптанган. «Цигу» деген антропоним негизинен «кыргыз» этнонимине тиешелүү болуп, алгач француз синологдору Ж. де Гинь (1721–1800), С. Жюльен (1797–1873) «ги-гэ» деп чечмелешсе, орус лингвисти С. E. Яхонтов (1926–2018) кийин «кигу» деп окуган (кара: Байыркы кыргыздар). Мындай термин башка жазма маалыматтарда жолукпайт жана кытай тарыхчылары тарабынан түшүндүрмө берилбей, Н. Бичуринде да чечмелеген эмес. Көпчүлүк окумуштуулардын (мис., В. В. Бартольд, С. П. Толстов ж. б.) пикиринде «ашина» бир аскер союзуна бириккен бир нече уруулардын жалпылама аталышы болгон. А. Бернштам, Ю. Зуев, Д. Савинов, С. Кляшторный ж.б. ашина уруусунун аталышын сактардын «asana» (кадырлуу, урматтуу) деген сөзүнө байланыштырып, алардын түпкү теги сак-усундардан тараганын белгилешет. С. Г. Кляшторный жергиликтүү индоевропалык калк менен тыгыз байланышуу аркылуу ашина уруусунун калыптанышынын биринчи этабы азыркы Чыгыш Түркстан жана Кытайдын батыш аймактарында (Ганьсу-Гаочан) аяктаган деген тыянакка келген. Анын пикиринде бул мезгил б.з. III кылымдарында башталып, 460-жылга (түрктөрдүн Алтайга оошу) чейин созулат. Ашина жана усундарга тиешелүү жазма булактардагы маалыматтарды салыштыруудан кийин Ю. Зуев бул эки уруунун этникалык жакындыгын эскертет, бирок ашина уруусунун тотеми карышкыр (бөрү) болсо, усундар каргага сыйынышкан. Бөрүнүн моңгол тилинде «шоно//чино», ал эми «а» аффикси кытай тилинде урмат-сый белгиси катары колдонгондуктан, Н. Бичурин, Л. Гумилев, М. Артамонов ж.б. аларды байыркы моңгол урууларына байланыштыркан. Авестадагы «күлүк атчан турлар» жана хунндардын ичиндеги (3-кылым) «күчтүү, кадырлуу» уруулардын бири «ту-гэ» уруусун мисал кылган Д. Е. Еремеев «түрк» этнониминин чыгышын байыркы ирандыктарга байланыштырат. А. Кононов боюнча түрктөр алгач «ашина» уруусунун тукумуна гана таандык саясий термин болуп, кийин ал түрк каганындыгына бириккен уруулардын жалпылама атына айланган. П. Пельонун пикиринде кытайлыктар колдонгон «ту-кюе» формасы алгач моңгол тилинен кирген «түрк» деген сөздүн көптүк түрү «ат» («ит», «үт», б. а. «түрк + үт») болгон. 545-жылы 50 миң түтүн теле уруулары (С. Г. Кляшторный боюнча «гаоцзюй/теле – өзүлөрүн огуздар» деп аташкан) жужаңдарга каршы көтөрүлүш чыгарган, кийинки жылы алар түрктөр менен союзга биригип, бийлик ашина уруусунун кол башчысы (542–552) Бумын (кыт. Тумынь, байыркы түрк тилинде Bumyn) каганга тийген. Ал 551-жылы Батыш Вэй императору Тайцзу менен союз түзгөн жана жужаңдарды кайра талкалагандан кийин «Или-кэхань» (айрым окумуштуулар боюнча «ilig gaγan») «Ил-хан» – «жалпы түрк элинин ханы») деген наам алып, натыйжада Улуу Түрк кагандыгы түзүлгөн. Анын уулу Кара-Ысык хан (552–553) жужаңдарды толук кыйратып, Мукан кагандын (553–572) тушунда алардын акыркы калдыктары талкаланган. Ушул учурда түрктөр Алтайга толук ээлик кылып, чыгыштагы чек арасы Хинган тоолоруна жеткен (кара: Чыгыш түрк кагандыгы). Кагандыктын батыш бөлүгүнө бийлик жүргүзгөн Истеми кагандын тушунда (554–576) сасаниддик Иран жана Византия менен саясий алака түзүлүп (кара: Батыш түрк кагандыгы), Орто Азиядагы эфталиттердин мамлекети талкаланган. 560-жылы Ташкент (Чач, Таш) оазиси жана Зарафшан ойдуңу, 565-жылы Согду каратылган. 570–576-жылы түрктөр Түндүк Кавказдан Крымга чейинки зор аймакка ээ болуп, 576-жылы Боспорду басып алгандан кийин Улуу жибек жолу Түрк кагандыгынын толук көзөмөлүнө өткөн. Бийликтин башында каган, андан кийин кагандын жакын тууганы «жабгу», 3-орунда «шад», «элтебер», «тутуктар» турган. Шаддар негизинен облусту бийлеп, кагандын бардык туугандары «тегин», ал эми жогорку даражадагы чиновниктер «тархан», 24 класстан турган эң төмөнкү баскычтагылар «буюрук» деп аталган. Социалдык жактан ак сөөк («бектер»), карапайым эл («кара будуң») жана согушта колго түшкөн кулдар («таттар») деген үч катмардан турган. 568-жылы Түрк кагандыгы төрт, 576-жылы сегиз облуска бөлүнүп, кагандын ордосу Алтайда жайгашкан. Тобо хандын (кытайча «Tobokehan», грекче «Арсила», С. Г. Кляшторный боюнча «Таспар каган», Л. Гумилёв боюнча «Табак» же «Тапу хан») тушунда (572–581) ич ара келишпестиктер күчөгөн жана 581-жылы Кытайдагы династиялык төңкөрүшкө байланыштуу жибекти тышка чыгаруу токтотулуп, натыйжада Түрк кагандыгы алсырай баштаган. 598-ж. Кытай менен түрктөрдүн ортосунда согуш башталып, Жангар башында турган чыгыш түрктөрү Суй империясын колдоп чыккан. 603-жылы Түрк кагандыгы экиге бөлүнүп, Батыш түрк кагандыгын Ил-тегин (Нили-хан) Буюрук (603–604), Чыгыш түрк кагандыгын Жангар Кимин-каган (603–608) бийлеп калган. Көптөгөн манасчылар (мис., саруулардан Алаш; саяктан Кыштообай уулу Медер; бугудан Дыйкамбай, Акылбек; сарыбагыштан Найманбай; белгилүүлөрдөн Сагымбай Орозбаков, Тыныбек ж. б.) менен баарлашып, алардын өз оозунан Огуз-хандын тарыхын тактаган Б. Солтоноев Жакыптан мурунку Манастын ата-бабалары 1) Түмөн, 2) Бөөн хан, 3) Кара хан болгонун белгилеп кеткен.

Ад.: Бартольд В. В. Работы по отдельным проблемам истории Средней Азии. /Соч., Т. II. Ч. 2. М., 1964; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии.  М., 1964; Еремеев Д. Е. Этногенез турок (происхождение и основные этапы этнической истории). М., 1971; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 2; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1999; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Караев Ө. Байыркы түрктөр жана алгачкы огуз-түркмөндөр. //«Манас» университетинин коомдук илимдер журналы. Б., 2003; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.

Ө. Караев.