Difference between revisions of "АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ"
м (→top: категория кошуу) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ''' – жалпы тектүү организмдерден эволюциянын ыңгайлануу (адаптация) процессинде ар кандай топтогу организмдердин келип чыгышы. Адаптациялык радиация табигый (үзүлмө) тандалуунун таасири менен ар кандай чөйрө шарттарына жана анын ресурстарына (жаңы жашоо шарты, коргонуу, тоют, азык табуу ж. б.) ыңгайланууга жараша болот. Адаптациялык радиациянын натыйжасы кандай гана таксономиялык топко кирген организмдердин | '''АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ''' – жалпы тектүү организмдерден эволюциянын ыңгайлануу (адаптация) процессинде ар кандай топтогу организмдердин келип чыгышы. Адаптациялык радиация табигый (үзүлмө) тандалуунун таасири менен ар кандай чөйрө шарттарына жана анын ресурстарына (жаңы жашоо шарты, коргонуу, тоют, азык табуу ж. б.) ыңгайланууга жараша болот. Адаптациялык радиациянын натыйжасы кандай гана таксономиялык топко кирген организмдердин формаларынын көбөйүшү болуп эсептелет. Ошентип, плаценталуу (чөптүү) сүт эмүүчүлөрдүн адаптациялык радиациясында курт-кумурскачылар, кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коен сымалдар, ача жана сыңар туяктуулар, жырткычтар, кит сымалдар ж. б. түркүмдөр пайда болгон; жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн адаптациялык радиациясында өз учурунда виверралар, кундуз сымалдар, аюулар, жанат сымалдар, ит сымалдар, мышык сымалдар ж. б. тукумдар келип чыккан. Адаптациялык радиация түр пайда болуу процесси катары башталат жана кандай гана болбосун узак жашаган организмдер топторунун тиричилигинде жүрөт, ошондуктан ал эволюциянын закон ченемдүүлүгүнүн бири катары каралат. Адаптациялык радиация концепциясы дивергенция жөнүндө түшүнүктү (эволюциянын жүрүшүндө организм белгилеринин ажырашы) кеңейтет; бул терминди орус окумуштуусу В. О. Ковалевский (1875; иррадиация деген ат менен) жана ага байланышпай туруп америкалык палеонтолог Г.Ф. Осборн (1915) илимге киргизишкен. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] |
15:55, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку версиясы
АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ – жалпы тектүү организмдерден эволюциянын ыңгайлануу (адаптация) процессинде ар кандай топтогу организмдердин келип чыгышы. Адаптациялык радиация табигый (үзүлмө) тандалуунун таасири менен ар кандай чөйрө шарттарына жана анын ресурстарына (жаңы жашоо шарты, коргонуу, тоют, азык табуу ж. б.) ыңгайланууга жараша болот. Адаптациялык радиациянын натыйжасы кандай гана таксономиялык топко кирген организмдердин формаларынын көбөйүшү болуп эсептелет. Ошентип, плаценталуу (чөптүү) сүт эмүүчүлөрдүн адаптациялык радиациясында курт-кумурскачылар, кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коен сымалдар, ача жана сыңар туяктуулар, жырткычтар, кит сымалдар ж. б. түркүмдөр пайда болгон; жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн адаптациялык радиациясында өз учурунда виверралар, кундуз сымалдар, аюулар, жанат сымалдар, ит сымалдар, мышык сымалдар ж. б. тукумдар келип чыккан. Адаптациялык радиация түр пайда болуу процесси катары башталат жана кандай гана болбосун узак жашаган организмдер топторунун тиричилигинде жүрөт, ошондуктан ал эволюциянын закон ченемдүүлүгүнүн бири катары каралат. Адаптациялык радиация концепциясы дивергенция жөнүндө түшүнүктү (эволюциянын жүрүшүндө организм белгилеринин ажырашы) кеңейтет; бул терминди орус окумуштуусу В. О. Ковалевский (1875; иррадиация деген ат менен) жана ага байланышпай туруп америкалык палеонтолог Г.Ф. Осборн (1915) илимге киргизишкен.