Difference between revisions of "АКИМУШКИН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АКИМУШКИН''' Олег Федорович (17. 02. 1929, Ленинград, СССР – 31. 10. 2010, Санкт-Петербург, Россия) – чыгыш...")
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АКИМУШКИН''' Олег Федорович (17. 02. 1929, Ленинград, СССР – 31. 10. 2010, Санкт-Петербург, Россия) – чыгыш таануучу, иран тили боюнча белгилүү адис, 1992-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин (1953), СССР Илимдер академиясынын чыгыш таануу институнун Ленинграддагы бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген. 1970-жылдан филология илимдеринин кандидаты, 1971-жылдан Ортоңку Чыгыш секторуна бөлүм башчы болуп дайындалган. Негизинен мусулман кол жазмалары, сопучулук, мусулман диний мистицизми, текст таануу боюнча темалардын үстүндө иштеген. 1993-жылы анын жетекчилиги менен «Чыгыш таануу институнун перс жана тажик кол жазмаларынын сүрөттөлүшүнүн» («Описания персидских и таджикских рукописей Института востоковедения») 10-жыйнагы жарык көргөн. 1999-жылдан Россия Илимдер академиясынын тарабынан даярдалган «Чыгыш адабияты» («Восточная литература») басмасынын «Чыгыш жазма эстеликтери» сериясынын редакциялык кеңешинин төрагасы болгон. 1994-жылдан Борбордук Азия жана Кавказ кафедрасында иштеп, «Иран менен Борбордук Азиянын булак таануу жана историографиясы» («Источниковедение и историография Ирана и Центральной Азии») «Перс кол жазма адабиятынын тарыхы» (История персидской рукописной книги») курстарынан сабак берген. Перс жазма булактарындагы Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан жана кыргыздарга тиешелүү жазма маалыматтарды изилдеп, тактоого чоң салым кошкон. О. Ф. Акимушкин тарабынан перс тилиндеги Низам ад-Дин Шаминин «Зафар наме», ушундай эле аталыштагы Шараф ад-Дин Али Йезди  жана «Искендердин аноними» сыяктуу эмгектер орус тилине которулуп, 1973-жылы Москвада жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана» (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары) деген жыйнакка кирген.
'''АКИМУШКИН''' Олег Федорович (17. 02. 1929, Ленинград, СССР – 31. 10. 2010, Санкт-Петербург, Россия) – чыгыш таануучу, иран тили боюнча белгилүү адис, 1992-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин (1953), СССР Илимдер академиясынын чыгыш таануу институнун Ленинграддагы бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген. 1970-жылдан филология илимдеринин кандидаты, 1971-жылдан Ортоңку Чыгыш секторуна бөлүм башчы болуп дайындалган. Негизинен мусулман кол жазмалары, сопучулук, мусулман диний мистицизми, текст таануу боюнча темалардын үстүндө иштеген. 1993-жылы анын жетекчилиги менен «Чыгыш таануу институнун перс жана тажик кол жазмаларынын сүрөттөлүшүнүн» («Описания персидских и таджикских рукописей Института востоковедения») 10-жыйнагы жарык көргөн. 1999-жылдан Россия Илимдер академиясынын тарабынан даярдалган «Чыгыш адабияты» («Восточная литература») басмасынын «Чыгыш жазма эстеликтери» сериясынын редакциялык кеңешинин төрагасы болгон. 1994-жылдан Борбордук Азия жана Кавказ кафедрасында иштеп, «Иран менен Борбордук Азиянын булак таануу жана историографиясы» («Источниковедение и историография Ирана и Центральной Азии») «Перс кол жазма адабиятынын тарыхы» (История персидской рукописной книги») курстарынан сабак берген. Перс жазма булактарындагы Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан жана кыргыздарга тиешелүү жазма маалыматтарды изилдеп, тактоого чоң салым кошкон. О. Ф. Акимушкин тарабынан перс тилиндеги Абд ар-Раззак Самаркандинин «Матла ас-са дайн ва Мажма ал-Бахрайн», Низам ад-Дин Шаминин «Зафар наме», ушундай эле аталыштагы Шараф ад-Дин Али Йезди жана «Искендердин аноними» сыяктуу эмгектер орус тилине которулуп, 1973-жылы Москвада жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана» (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары) деген жыйнакка кирген.

Эмгектери: К вопросу о внешнеполитических связях Могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI в. - 60-х годах XVIII в. //Палестинский сборник, 1970, вып. 21, (84); Фрагменты документов с Восточного Памира. //Письменные памятники Востока. Историко-филологические исследования. Ежегодник, М., 1972; Средневековый Иран Культура, история, филология. СПб., 2004.

Котормолору: Шах-Махмуд ибн мирза Фазил Чурас. «Хроника» /Крит. текст, пер. с перс, комментарии, исследование и указатели О. Ф. Акимушкина. М.: «Наука», 1976; Тарих-и Кашгар: Тюркоязычная хроника владетелей Восточного Туркестана по конец XVII в. /Изд. текста факсимиле, введение и указатели О. Ф. Акимушкина. СПб., 2001.

11:18, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку версиясы

АКИМУШКИН Олег Федорович (17. 02. 1929, Ленинград, СССР – 31. 10. 2010, Санкт-Петербург, Россия) – чыгыш таануучу, иран тили боюнча белгилүү адис, 1992-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин (1953), СССР Илимдер академиясынын чыгыш таануу институнун Ленинграддагы бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген. 1970-жылдан филология илимдеринин кандидаты, 1971-жылдан Ортоңку Чыгыш секторуна бөлүм башчы болуп дайындалган. Негизинен мусулман кол жазмалары, сопучулук, мусулман диний мистицизми, текст таануу боюнча темалардын үстүндө иштеген. 1993-жылы анын жетекчилиги менен «Чыгыш таануу институнун перс жана тажик кол жазмаларынын сүрөттөлүшүнүн» («Описания персидских и таджикских рукописей Института востоковедения») 10-жыйнагы жарык көргөн. 1999-жылдан Россия Илимдер академиясынын тарабынан даярдалган «Чыгыш адабияты» («Восточная литература») басмасынын «Чыгыш жазма эстеликтери» сериясынын редакциялык кеңешинин төрагасы болгон. 1994-жылдан Борбордук Азия жана Кавказ кафедрасында иштеп, «Иран менен Борбордук Азиянын булак таануу жана историографиясы» («Источниковедение и историография Ирана и Центральной Азии») «Перс кол жазма адабиятынын тарыхы» (История персидской рукописной книги») курстарынан сабак берген. Перс жазма булактарындагы Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан жана кыргыздарга тиешелүү жазма маалыматтарды изилдеп, тактоого чоң салым кошкон. О. Ф. Акимушкин тарабынан перс тилиндеги Абд ар-Раззак Самаркандинин «Матла ас-са дайн ва Мажма ал-Бахрайн», Низам ад-Дин Шаминин «Зафар наме», ушундай эле аталыштагы Шараф ад-Дин Али Йезди жана «Искендердин аноними» сыяктуу эмгектер орус тилине которулуп, 1973-жылы Москвада жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана» (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары) деген жыйнакка кирген.