Difference between revisions of "БЕКТЕРБЕГИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''БЕКТЕРБЕГИ''' (бектердин беги) – ''Орто Азия'', ''Кичи Азия'', ''Кавказдагы'' түрк тилдүү элдер колдо...")
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


Ад.: Уложение Темура. Таш., 1999; Исторические документы мавзолея Ходжа Ахмада Йасави. Астана, 2017.
Ад.: Уложение Темура. Таш., 1999; Исторические документы мавзолея Ходжа Ахмада Йасави. Астана, 2017.
[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БЕКТЕРБЕГИ (бектердин беги) – Орто Азия, Кичи Азия, Кавказдагы түрк тилдүү элдер колдонгон жогорку административдик наамдардын бири, айрым учурларда өз алдынча аймактын башчысы. Жогорку наамдын бири катары алгач эмир Тимур (1336–1405) негиздеген Тимуриддер мамлекетинде эскерилет. Анын орду башкы эмирден (амир ал-умаро) кийин турган. Өз алдынча аймакты (вийалет, дубан) бийлеген Бектербегинин кол алдында вазир (диванбеги), миңбашы, имам (шейх ул-ислам) ж. б. кызмат кылган.  Мисалы, Кокон хандыгына караштуу Ташкент вийалетин 1810–1841-жылдар аралыгында мезгил-мезгили менен Лашкар бектербеги (беклербеги) бийлеп, анын «Лашкар бекларбеги гуломи жонсипор» деген  өздүк мөөрү болгон. Ал Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү кыргыз урууларын жана Иле өзөнүнүн чыгышындагы Улуу жүз казактарын Коконго каратуу үчүн бир нече жолу куралдуу жүрүшкө чыккан. Бул вилайетти 1853–1857-жылдары бийлеген бектербеги Мырза Ахметти кыргыздар «Бучук-бек» деп билишкен.

Ад.: Уложение Темура. Таш., 1999; Исторические документы мавзолея Ходжа Ахмада Йасави. Астана, 2017.