Difference between revisions of "АТООЧТУК ТҮРМӨК"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: категория кошуу) |
|||
| 2 -сап: | 2 -сап: | ||
''С. Мусаев.''<br> | ''С. Мусаев.''<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
10:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТООЧТУК ТҮРМӨК ‒ өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси жана грамматикалык жактан атоочтукка баш ийип, аны менен бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек. Атоочтук түрмөктүн тутумундагы сөздөр маанилик жана грамматикалык жактан атоочтукка багыныӊкы абалда туруп, аны менен бир бүтүндүктө ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, башкача айтканда структуралык жактан атоочтук түрмөк делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мис., Кыздын кыя басканы ‒ кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар).
С. Мусаев.