Difference between revisions of "АРГУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


Э. Турганбаев<br>
Э. Турганбаев<br>
[[Категория:1-Том]]

10:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРГУ – Орто Азиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бир жердин (өлкө, аймак) 11–12-кылымдардагы аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (кара: Дивану лугат ит-түрк) кезигет. Ал боюнча Аргу өлкөсү Тараз жана Баласагын шаарларынын орто ченинде жайгашып, эки тарабын тоо курчап турган жайык капчыгай сыяктуу жер болгондуктан, ар дайым шамал (жел) согуп турган. Муну менен кошо автор «аргу» («аргы») деген сөздүн маанисин «аркыроо» (мисалы, «бектер атын аргытып чаап келди») же «аргыла» (мисалы, эки нерсенин ортосунан өтүү) сыяктуу этиш аркылуу чечмелеп, бул аймактын аталышын Зу-л-Карнайн (кара: Александр Македонский) ал жерге келгенде, күн нөшөрлөп, жолдор жуулуп, өтүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштырган. А. Македонский ошол жерге чеп курдуруп, ал чеп кийин «Чигил» («Чи гил» – перс тилинде «балчык») деп аталгандыктан, чепке отурукташкандар «чигилдер» болуп калганын эскертет. Аргулуктар башка түрктөрдөн айырмаланып, «й» тамгасын сөз ортосу жана аягында «н» тамгасына алмаштырып айтышкан (мисалы, кой – кон). Ал эми «үлүш»  деген баласагындыктар үчүн кыштакты түшүндүрсө, аргулуктар аны «шаар» катары колдонуп, Баласагын шаарын «Күз улуш»  деп аташкан. М. Кашгари Аргу өлкөсүндө бир нече шаар болуп, алардын бири «Өзгент» («Уз̱ӯ канд»; ’уз̱ӯ – дөбө) болгонун белгилейт. Аргу аймагы кай жерде жайгашканы тууралуу азырынча бирдей көз караш жок. В. Бартольддун пикиринде бул аймак Кыргыз Ала-Тоосу (Александровский) менен Чүй-Иле тоолорунун орто ченинде (б.а. Чүй өрөөнү), С. Г. Кляшторный боюнча «Жети-Суунун батыш бөлүгүндө» жайгашкан. Ю. Зуев байыркы түрк тилиндеги «ари» (таза, кымбат, баалуу, ыйык ж.б.) деген түшүнүктү эске албастан, Аргу («аргы») деген сөздүн этимологиясын байыркы тохар тилиндеги сын атоочко жооп берген «arγu» аркылуу «таза, ак, күмүш» (аrquj, arqun, arxon) сыяктуу өң-түстөргө байланыштырган. Азыркы учурда кыргыз тилинде «жел аргы» деген түшүнүк кеңири колдонулуп, Боом капчыгайына жакын жердин бири «Жел-Аргы» деп аталат.

Ад.: Махмуд ал-Кашгари, Диван Луга ат-Турк /Пер., предисл. и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Т. 1. Фр., 1984; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии. /Соч. Т. V. М., 1968; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы. Б., 2011.

Э. Турганбаев