Difference between revisions of "АНТИГУА-ГУАТЕМАЛА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:
Мерсед чиркөөсү (17-к.).]]
Мерсед чиркөөсү (17-к.).]]
(17-кылым), Сантьяго собору (1542), Сан Франсиско (1690), Ла Кампаньия де Хесус (1698) чиркөөлөрү, Реаль Кабильдо (1740–43), Корол <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Каса деЧаморро (1702) сарайлары, 18-кылымдын турак-жайлары. Музейлер [Сантьяго, байыркы китептер, Каса Кохом (Музыка үйү)] бар. Жыл сайын диний фестивалдар өткөрүлөт. Яшма, жыгач, карападан кооз буюмдар жасалат.<br>

[[Категория:1-Том]]

09:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНТИГУА-ГУАТЕМАЛА – Гватемаладагы шаар. Сакатепекес департаментинин администрация борбору. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкы 58 миң (2010). Гватемала шаарынан 30 км батышта, 1533 м бийиктикте Агуа өчкөн жанар тоонун (3766 м) этегинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Панамерика шоссеси менен байланышат. 1527-жылы негизделген. 1541-жылы жанар тоонун атылышынан талкаланып, 1542-жылы азыркы ордуна көчүрүлгөн. 17–18-кылымдарда Борбордук Америкадагы ири саясий, экономикалык жана маданий борборго (Мехико, Лимадан кийин) айланган. Антигуа-Гуатемала – шаар-музей. Өлкөнүн башкы туристтик борборлорунун бири. Эстеликтери: сарай (1549–68), ратуша (1739–43), Сан-Карлос университети, монастырь жана Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү

Антигуа-Гуатемала ш-ндагы Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү (17-к.).

(17-кылым), Сантьяго собору (1542), Сан Франсиско (1690), Ла Кампаньия де Хесус (1698) чиркөөлөрү, Реаль Кабильдо (1740–43), Корол жана Каса деЧаморро (1702) сарайлары, 18-кылымдын турак-жайлары. Музейлер [Сантьяго, байыркы китептер, Каса Кохом (Музыка үйү)] бар. Жыл сайын диний фестивалдар өткөрүлөт. Яшма, жыгач, карападан кооз буюмдар жасалат.