Difference between revisions of "АННАН КОФИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


''Н. С. Усупова''<br>
''Н. С. Усупова''<br>
[[Категория:1-Том]]

09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АННАН КОФИ (8. 4. 1938, Кумаси, Алтын Жээк – 18. 8. 2018, Берн, Швейцария) – ганалык дипломат. БУУнун Генералдык секретары (1997–2006), 2012-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин БУУнун жана Араб лигасынын Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча атайын чабарманы. Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты (2001). АКШнын Миннесота штатындагы Макаластер колледжин (1961), Массачусетс технологиялык институтун бүтүргөн.

АННАН КОФИ 96.png

1962-жылдан БУУнун ден соолукту сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюмунда, Аддис-Абебадагы Африка үчүн экономикалык комиссиясында, Исмаилидеги БУУнун Атайын куралдуу күчтөрүнүн катарында качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармасында кызмат өтөгөн. 1987–92-жылдары БУУнун борбордук аппаратында адам ресурстары боюнча Генералдык секретардын жардамчысы жана коопсуздук маселелери боюнча координатору, 1993–94-жылдары Генералдык секретардын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жардамчысы, 1994–96-ж. анын орун басары. Аннан Кофи Ирак-Кувейт согушун токтотууга, Босния жана Герцеговина, Чыгыш Тимор маселелерин жөнгө салууга зор салым кошкон жана БУУну реформалоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда активдүү роль ойногон.

Н. С. Усупова