Difference between revisions of "АЛДАМЧЫЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АЛДАМЧЫЛЫК''' ‒ менчикке каршы кылмыштардын тобу. Алдамчылык ‒ алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен башканын мүлкүнө же мүлк укугуна ээ болуу. Алдамчылык кылмыш курамынын объектиси болуп жабырлануучунун менчикке деген укугу эсептелинет. Ал эми предметине ар түрдүү менчик мүлктөр жана мүлк укугу кирет. Алдамчылык  кылмыш курамынын объективдүү жагы төмөнкү белгилерден турат: 1) башка бирөөнүн мүлкүн, же мүлк укугун укукка жат түрдө акысыз алып коюу; 2) менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү; 3) башка бирөөнүн мүлкүн же мүлк укугун алып коюу менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланышы. Субъективдүү жагынан алдамчылык  атайылап жасалган кылмыштарга тийиштүү. Мындан сырткары алдамчылыктын субъективдүү жагына кылмыштын белгиси катары кылмыштын максаты (жеке пайда көрүү) кирет. Субъектиси болуп акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам эсептелинет.
''К. Бодобаев, К. Курманов.''

[[Категория:1-Том]]

09:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛДАМЧЫЛЫК ‒ менчикке каршы кылмыштардын тобу. Алдамчылык ‒ алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен башканын мүлкүнө же мүлк укугуна ээ болуу. Алдамчылык кылмыш курамынын объектиси болуп жабырлануучунун менчикке деген укугу эсептелинет. Ал эми предметине ар түрдүү менчик мүлктөр жана мүлк укугу кирет. Алдамчылык кылмыш курамынын объективдүү жагы төмөнкү белгилерден турат: 1) башка бирөөнүн мүлкүн, же мүлк укугун укукка жат түрдө акысыз алып коюу; 2) менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү; 3) башка бирөөнүн мүлкүн же мүлк укугун алып коюу менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланышы. Субъективдүү жагынан алдамчылык атайылап жасалган кылмыштарга тийиштүү. Мындан сырткары алдамчылыктын субъективдүү жагына кылмыштын белгиси катары кылмыштын максаты (жеке пайда көрүү) кирет. Субъектиси болуп акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам эсептелинет.
К. Бодобаев, К. Курманов.