Difference between revisions of "АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ''' Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында (35 ''км''). Түбөлүк кар зонасынан (3800 ''м ''бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 ''м'') чыгат. Узундугу 30 ''км, ''туурасы 7 ''км. ''Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезистик тиби боюнча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 ''км''ге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40‒45°), тереӊ (800 ''м''ге чейин), нугу тепши сымал. Ал төртүнчүлүк мезгилдеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы жайык келип (300‒500 ''м''), тик капталдуу (30‒40°), тереӊдиги 300‒400 ''м. ''Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу ''Ала-Арч''а суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 ''м ''бийиктикте) жайгашкан. Бишкек шаарынан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай ‒ Бишкек калкынын эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында ''Ала-Арча улуттук табият паркы'' уюшулган.

[[Категория:1-Том]]

09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында (35 км). Түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Узундугу 30 км, туурасы 7 км. Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезистик тиби боюнча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40‒45°), тереӊ (800 мге чейин), нугу тепши сымал. Ал төртүнчүлүк мезгилдеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы жайык келип (300‒500 м), тик капталдуу (30‒40°), тереӊдиги 300‒400 м. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала-Арча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгашкан. Бишкек шаарынан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай ‒ Бишкек калкынын эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.