Difference between revisions of "АКЫМБЕК Олжобай уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.<br>
Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЫМБЕК Олжобай уулу ‒ орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин (1824‒25) башчысы (кара: Алгазы Шераалы уулу). Ал бугу уруусунун арык тукумунан чыккан. 19-кылымдын биринчи чейрегиндеги түндүк кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык Ысык-Көл кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн Россияга элчилик жиберүүгө ыӊгай түзүп, уруу төбөлдөрү А. Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан Алгазы Шераалы уулу, желдеӊ уругунан Алымбек Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат менен жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-жылы 5-январда Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернатору жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу менен эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. Акымбек элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны 1827-жылы Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. Бубенов тапшырган.

Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.