Difference between revisions of "АГРОФИЗИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

, а г р о н о м и я л ы к ф и з ик а (агро... ж-а физика ) ‒ топурак ж­а өсүмдүктөгү физ. процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физ. шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу ж­дөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы ж­а каражаттары. А. 20­к­да калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика ж­а биофизика ж. б-дын теор. жетишкендиктери нин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. А-лык изилдөөлөрдө вегетациялык ж. б. ыкма ж­а так приборлор (өсүмдүктөгү физиол. процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы м­н өсүмдүктөгү биол. процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы ж. б. ж-дө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу ж. б. үчүн пайдаланылат.