Difference between revisions of "АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек"
м (→top: категория кошуу) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТЫГУЛОВ''' '''Кайыпбек''' (1. 12. | '''АЙТЫГУЛОВ''' '''Кайыпбек''' (1. 12. 1932‑жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Кызарт айылы – 2010-жыл) – кыргыздын туңгуч флейтачысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), СССРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1990), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, профессор. Республикадагы классикалык аткаруучулук мектебинин негиздөөчүсү. 1947–1952‑жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын флейта адистигин артыкчылык менен, 1957-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын флейта классын бүтүргөн. 1949‑жылы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1951–1952‑жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жанa балет театрында, 1952–1957‑жылдары Москва шаарындагы дүйнөдөгү жалгыз цыгандардын музыкалык «Ромэн» драма театрында, 1957–1978‑жылдары Кыргыз опера жанa балет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978‑жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, кийин деканы (1982), 1993‑жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда декан, профессор болуп эмгектенген (1988). Улуттук аткаруучулук мектебинин калыптанышы, өнүгүшү жана гүлдөшү, музыкалык топтордун ачылышы, таланттуу жаштарыбыздын лауреаттык наамдарды алышы К. Айтыгуловдун ысымы менен байланыштуу. «Данакер» (2003) ордени <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> сыйланган.<br> | ||
[[File:АЙТЫГУЛОВ14.png | thumb|none]] | [[File:АЙТЫГУЛОВ14.png | thumb|none]] | ||
<br> | <br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек (1. 12. 1932‑жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Кызарт айылы – 2010-жыл) – кыргыздын туңгуч флейтачысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), СССРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1990), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, профессор. Республикадагы классикалык аткаруучулук мектебинин негиздөөчүсү. 1947–1952‑жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын флейта адистигин артыкчылык менен, 1957-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын флейта классын бүтүргөн. 1949‑жылы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1951–1952‑жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жанa балет театрында, 1952–1957‑жылдары Москва шаарындагы дүйнөдөгү жалгыз цыгандардын музыкалык «Ромэн» драма театрында, 1957–1978‑жылдары Кыргыз опера жанa балет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978‑жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, кийин деканы (1982), 1993‑жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда декан, профессор болуп эмгектенген (1988). Улуттук аткаруучулук мектебинин калыптанышы, өнүгүшү жана гүлдөшү, музыкалык топтордун ачылышы, таланттуу жаштарыбыздын лауреаттык наамдарды алышы К. Айтыгуловдун ысымы менен байланыштуу. «Данакер» (2003) ордени менен сыйланган.