Difference between revisions of "АЗОТ"
м (→top: категория кошуу) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗОТ''' (Nitrogenium), N – ''элементтердин ме''з''гилдик системасынын'' V тобунан орун алган химиялык элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз <span cat='ж.кыск' oldv=' | '''АЗОТ''' (Nitrogenium), N – ''элементтердин ме''з''гилдик системасынын'' V тобунан орун алган химиялык элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз жана даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 ''кг/м3.''1772‑ж. Д. Резерфорд ачкан. Жаратылышта эркин жана кошулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04%ын түзөт. Эркин Азот абанын 78,16% курамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 16-17%ин түзөт. Таза Aзотто жаныбарлар жашай албайт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек элемент. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек жана кычкылтек менен кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) жана 15N (0,365 %) бар. Анын молекуласы бири‑бири менен коваленттик үч байланыш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошондуктан молекуласы химиялык жактан туруктуу, жогорку температурада гана металлдар менен нитриддерди, кычкылтек менен азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек менен катализатордун катышуусунда NH3тү пайда кылат. Галогендер менен реакцияга түздөн‑түз кирбейт. Азот лабораторияларда аммоний нитритин жогорку температурада ысытуудан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу менен алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот кислотасын, жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда колдонулат. Эркин Азот химиялык жана металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометрлердин боштук аралыгын толтуруу жана төмөнкү температуpa алууда пайдаланылат. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗОТ (Nitrogenium), N – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган химиялык элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз жана даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Резерфорд ачкан. Жаратылышта эркин жана кошулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04%ын түзөт. Эркин Азот абанын 78,16% курамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 16-17%ин түзөт. Таза Aзотто жаныбарлар жашай албайт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек элемент. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек жана кычкылтек менен кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) жана 15N (0,365 %) бар. Анын молекуласы бири‑бири менен коваленттик үч байланыш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошондуктан молекуласы химиялык жактан туруктуу, жогорку температурада гана металлдар менен нитриддерди, кычкылтек менен азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек менен катализатордун катышуусунда NH3тү пайда кылат. Галогендер менен реакцияга түздөн‑түз кирбейт. Азот лабораторияларда аммоний нитритин жогорку температурада ысытуудан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу менен алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот кислотасын, жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда колдонулат. Эркин Азот химиялык жана металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометрлердин боштук аралыгын толтуруу жана төмөнкү температуpa алууда пайдаланылат.