Difference between revisions of "АХЕМЕНИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Байыркы Персия державасынын падышалар династиясы (б. з. ч. 558‒330). Династиянын түпкү теги б. з. ч. 8-к-дагы перс уруулар союзунун башчысы Ахеменден башталат. Ахемендин тукуму Улуу Кир II (558‒530) Жакынкы ж-а О. Чыгыштын өлкөлөрүнүн көбүн бириктирген зор империяга негиз салган. Кийинчерээк Мидияны, Азиянын көп бөлүгүн (545‒539), Вавилонияны (539), Египетти (525), Фракияны, Македонияны ж-а Индиянын түн.-батыш бөлүгүн (519‒512) жеӊип алат. Кир IIден кийин державаны Камбис II (530‒522), Дарий I (522‒486), Ксеркс I (486‒465), Артаксеркс I (465‒424), Ксеркс II (424), Согдиан (424‒423), Дарий II (423‒404), Артаксеркс II (404‒358), Артаксер ко III (358‒338), Арсес (338‒336), Дарий III (336‒330) башкарган. Дарий Iнин тушунда (б. з. ч. 552‒486) Персия дүйнөдөгү ири күч‑кубаттуу мамлекетке айланып, Жакынкы ж-а Ортонку Чы
АХЕМЕНИДДЕР67.png

гыштагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү анын курамына кирген. Персеполь, Вавилон, Сузы ж-а Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. А-дин аскердик күчү начарлаган сайын А. державасы кыйрай баштайт. Б з. ч. 330-ж. Александр Македон скийдин соккусу астында А. мамлекети жоюлган.