Difference between revisions of "«АЧЫК ЭШИКТЕР» САЯСАТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Р. Жолдошов''<br>
''Р. Жолдошов''<br>
[[Категория:1-Том]]

16:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«АЧЫК ЭШИКТЕР» САЯСАТЫ — Кытайга карата 1899-жылдан 1949-жылга чейин жүргүзүлгөн америкалык саясий доктрина. Анын башталышына АКШнын мамлекеттик катчысы Джо Хэйдин дипломатиялык билдирүүсү негиз салган. Мындай саясий курстун маңызы Кытайда эркин соода жүргүзүү жана капиталдардын эркин кирүүсү зарыл деген талап менен түшүндүрүлгөн. Бул болсо күчтүү мамлекеттин кайсы бир мамлекетке зордоп кабыл алдырган жана мажбурланган мамлекет өз каалоосу менен колдонууга ыраазычылык көрсөткөндөй түр берсе, ага бир катар укуктарды жана жеңилдиктерди камсыз кылуу жөнүндөгү саясат болгон. Доктринанын негизги мааниси Кытайда соода саясатында Европа жана АКШ үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу болуп саналат. АКШ өзүнүн таасир этүү тармагында же «ижарага алган» аймакта улуу державаларга башкалардын кызыкчылыгына тоскоолдук кылбоонуу жана бардык товарларга кайсы жерде жана кандай мамлекетте жасалгандыгына карабастан, кытай келишимдик бажы тарифин колдонууну сунуш кылган. Ошондой эле транспорттук жүк ташууга бирдей салык алуу каралган. Бул чаралар кытай рыногуна америкалык товарлардын эркин кирүүсүнө жагымдуу шарттарды камсыздаган, ал эми кытайдагы европалык соода режиминин капиталына ыңгайлуу жагдайлар төмөндөтүлгөн. Жалпысынан алганда, апийим согушунун аркасында европалык державалар тарабынан Кытай өлкөсүнө көптөгөн азаптарды жана чарбасынын кыйроосуна алып келген саясатынын фонунда америкалыктар Кытай мамлекетине куткаруучу катары көрүнүү менен кытай аймагында ири экономикалык пайда көрүүнү каалашкан. Ошондуктан Джо Хэй Кытайда америкалык бизнеске мүмкүнчүлүктөрдү ачкан «ачык эшик» доктринасын сунуштаган.

Р. Жолдошов