Difference between revisions of "БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович"
м (Temirkan moved page БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбаевич to БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович''' (2. 1. 1952-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. КМУнун тарых факультетин (1977), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу институтунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юридикалык факультетин (1998), И. Арабаев атындагы КМПУнун экономика факультетин (2000) бүткөн. 1977–78-жылдары Фрунзе шаарындагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-жылдары Афганистандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү боюнча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-жылдары КРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-жылдары жеке ишкер, 1995–2007-жылдары КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-жылдары КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-жылы КРдин улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак райондорунун, Ош облусунун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-жылдары КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006). | '''БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович''' (2. 1. 1952-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. КМУнун тарых факультетин (1977), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу институтунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юридикалык факультетин (1998), И. Арабаев атындагы КМПУнун экономика факультетин (2000) бүткөн. 1977–78-жылдары Фрунзе шаарындагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-жылдары Афганистандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү боюнча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-жылдары КРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-жылдары жеке ишкер, 1995–2007-жылдары КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-жылдары КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-жылы КРдин улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак райондорунун, Ош облусунун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-жылдары КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006). | ||
[[Category:Жаңы]] |
08:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы
БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович (2. 1. 1952-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. КМУнун тарых факультетин (1977), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу институтунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юридикалык факультетин (1998), И. Арабаев атындагы КМПУнун экономика факультетин (2000) бүткөн. 1977–78-жылдары Фрунзе шаарындагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-жылдары Афганистандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү боюнча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-жылдары КРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-жылдары жеке ишкер, 1995–2007-жылдары КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-жылдары КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-жылы КРдин улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак райондорунун, Ош облусунун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-жылдары КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006).