Difference between revisions of "АХСАН А-ТАКАСИМ ФИ МАРИФАТ АЛ-АКАЛИМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АХСАН А-ТАКАСИМ ФИ МАРИФАТ АЛ-АКАЛИМ''' (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) – ''ал...")
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АХСАН А-ТАКАСИМ ФИ МАРИФАТ АЛ-АКАЛИМ''' (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) – ''ал-Макдисинин'' (Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр) тарыхый-географиялык эмгеги. И. ''Крачковский'' «Ахсан а-такасим фи марифат ал-акалим» эки жолу редакцияланган деп болжолдойт. Биринчиси ошол учурдагы саясий абалга ылайык болжол менен 985–986-жылдары ''Бухарада'' бийликте турган ''Саманиддер'' үчүн, экинчиси ''Египеттеги'' ''Фатимиддер'' династияларына арналып, 985–986-жылдары жазылышы мүмкүн деп белгилейт. Алгач Де Гуе (Michael Jan de Goeje) тарабынан которулуп, 1875-жылы нидерланды тилинде жарык көргөн. Эмгекте ''Атлантика'' океанынан ''Инд'' океанына чейин жайгашкан ''ислам'' өлкөлөрү тууралуу кеңири маалыматтар камтылат. Алар негизинен 14 аймакка (иклим) бөлүнүп, өз кезегинде кайра округдарга (кура) ажыратылат. Эмгектин дагы бир өзгөчөлүгү ар аймак шарттуу түрдө кайрадан эки бөлүмчөгө бөлүнөт. Биринчи бөлүмүндө ал өлкөдөгү элдүү пункттар жана шаарлардын аты аталып, ар бири толук түрдө сүрөттөлөт. Экинчи бөлүмүндө ал жерлерде жашаган элдин этникалык абалы, тили, дини, үрп-адаты көрсөтүлүп, социалдык топторго ажыратылат жана акырында соода жүргүзүү (акча жүгүртүү, салмак чен бирдиктери), баалуу кен байлыктар тууралуу маалыматтар берилет. Мисалы, эмгекте ''Мавераннахр'' (б. а. ''Аму-Дарыянын'' чыгышы) Хайтал деп аталып, ал 1) Фергана, 2) Испиджаб, 3) Шаш, 4) Осрушана, 5) Согд, 6) Бухара деген алты округга бөлүнгөн. Булардын ичинен Испиджаб округуна Хурлуг, Джумишлагу, Арсубаникет, Бараб, Шавгар, Сауран, Турар, Зерах, Шагилджан, Баладж, Барукет, Бурух, Яганкет, Адахкет, Дех Нуджикет, Тараз, Балу, Джикиль, Барсхан, Атлах, Джамукет, Шельджи, Куль, Сус, Такабкет, Дех Нави, Кулан, Мирки, Нушкет, Лакра, Джамук, Урду, Невакет, Баласагун, Лабан, Шуй, Абалиг, Маданикет, Барсиан, Балыг, Джаркан, Яг, Якалык, Раванджам, Катак, Шур, Чашма, Диль, Авас, Джаркенд сыяктуу шаарлар караган. Булардан тышкары эмгектин «Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы гуз-түркмөндөр» деген бөлүмүндө чоң шаарлар Сайранды (Сауран) жана Барукетти мусулмандар менен кимак, ошондой эле гуздарды (огуз) чектеп турган чеп экенин белгилейт. Ал эми Ордо (Урду) шаары чакан болгонун, аны бийик дубал жана суу толтурулган чоң арык коргоп турганын, анда түркмөндөрдүн (В. ''Бартольд'' боюнча огуздар) падышасы жашап, ал Испиджабдын башкаруучусуна ар дайым белек тартуулап турарын белгилейт. Ал-Макдисинин бул эмгеги Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын орто кылымдагы тарыхын окууда жана Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан байыркы шаарлардын ордун аныктоодо өтө маанилүү булактардын бири катары саналат. Өз учурунда аталган эмгекти академик В. В. Бартольд,  А. Н. ''Бернштам'' ж. б. сыяктуу окумуштуулар кеңири пайдаланышкан.  
'''АХСАН А-ТАКАСИМ ФИ МАРИФАТ АЛ-АКАЛИМ''' (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) – ''ал-Макдисинин'' (Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр) тарыхый-географиялык эмгеги. И. ''Крачковский'' «Ахсан а-такасим фи марифат ал-акалим» эки жолу редакцияланган деп болжолдойт. Биринчиси ошол учурдагы саясий абалга ылайык болжол менен 985–986-жылдары ''Бухарада'' бийликте турган ''Саманиддер'' үчүн, экинчиси ''Египеттеги'' ''Фатимиддер'' династияларына арналып, 985–986-жылдары жазылышы мүмкүн деп белгилейт. Алгач Де Гуе (Michael Jan de Goeje) тарабынан которулуп, 1875-жылы нидерланды тилинде жарык көргөн. Эмгекте ''Атлантика'' океанынан ''Инд'' океанына чейин жайгашкан ''ислам'' өлкөлөрү тууралуу кеңири маалыматтар камтылат. Алар негизинен 14 аймакка (иклим) бөлүнүп, өз кезегинде кайра округдарга (кура) ажыратылат. Эмгектин дагы бир өзгөчөлүгү ар аймак шарттуу түрдө кайрадан эки бөлүмчөгө бөлүнөт. Биринчи бөлүмүндө ал өлкөдөгү элдүү пункттар жана шаарлардын аты аталып, ар бири толук түрдө сүрөттөлөт. Экинчи бөлүмүндө ал жерлерде жашаган элдин этникалык абалы, тили, дини, үрп-адаты көрсөтүлүп, социалдык топторго ажыратылат жана акырында соода жүргүзүү (акча жүгүртүү, салмак чен бирдиктери), баалуу кен байлыктар тууралуу маалыматтар берилет. Эмгектин Орто Азияга тиешелүү чакан бөлүмү С. Л. Волин тарабынан которулуп, «Материалы по истории туркмен и Туркмении» аттуу жыйнактын 1-томуна киргизилген. Анда ''Мавераннахр'' (б. а. ''Аму-Дарыянын'' чыгышы) Хайтал деп аталып, ал 1) Фергана, 2) Испиджаб, 3) Шаш, 4) Осрушана, 5) Согд, 6) Бухара деген алты округга бөлүнгөн. Булардын ичинен Испиджаб округуна Хурлуг, Джумишлагу, Арсубаникет, Бараб, Шавгар, Сауран, Турар, Зерах, Шагилджан, Баладж, Барукет, Бурух, Яганкет, Адахкет, Дех Нуджикет, Тараз, Балу, Джикиль, Барсхан, Атлах, Джамукет, Шельджи, Куль, Сус, Такабкет, Дех Нави, Кулан, Мирки, Нушкет, Лакра, Джамук, Урду, Невакет, Баласагун, Лабан, Шуй, Абалиг, Маданикет, Барсиан, Балыг, Джаркан, Яг, Якалык, Раванджам, Катак, Шур, Чашма, Диль, Авас, Джаркенд сыяктуу шаарлар караган. Булардан тышкары эмгектин «Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы гуз-түркмөндөр» деген бөлүмүндө чоң шаарлар Сайранды (Сауран) жана Барукетти мусулмандар менен кимак, ошондой эле гуздарды (огуз) чектеп турган чеп экенин белгилейт. Ал эми Ордо (Урду) шаары чакан болгонун, аны бийик дубал жана суу толтурулган чоң арык коргоп турганын, анда түркмөндөрдүн (В. ''Бартольд'' боюнча огуздар) падышасы жашап, ал Испиджабдын башкаруучусуна ар дайым белек тартуулап турарын белгилейт. Ал-Макдисинин бул эмгеги Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын орто кылымдагы тарыхын окууда жана Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан байыркы шаарлардын ордун аныктоодо өтө маанилүү булактардын бири катары саналат. Өз учурунда аталган эмгекти академик В. В. Бартольд,  А. Н. ''Бернштам'' ж. б. сыяктуу окумуштуулар кеңири пайдаланышкан.  


Ад.: Петровский Н. Ф. Древние арабские дорожники по Средне-азиатским местностям, входящим в настоящее время в состав русских владений. Таш., 1894; Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. 1. VII–XV вв. М.-Л. 1939; Крачковский И. Ю.  Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998.
Ад.: Петровский Н. Ф. Древние арабские дорожники по Средне-азиатским местностям, входящим в настоящее время в состав русских владений. Таш., 1894; Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. 1. VII–XV вв. М.-Л. 1939; Крачковский И. Ю.  Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998.

10:01, 22 Июль (Теке) 2024 -деги абалы

АХСАН А-ТАКАСИМ ФИ МАРИФАТ АЛ-АКАЛИМ (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) – ал-Макдисинин (Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр) тарыхый-географиялык эмгеги. И. Крачковский «Ахсан а-такасим фи марифат ал-акалим» эки жолу редакцияланган деп болжолдойт. Биринчиси ошол учурдагы саясий абалга ылайык болжол менен 985–986-жылдары Бухарада бийликте турган Саманиддер үчүн, экинчиси Египеттеги Фатимиддер династияларына арналып, 985–986-жылдары жазылышы мүмкүн деп белгилейт. Алгач Де Гуе (Michael Jan de Goeje) тарабынан которулуп, 1875-жылы нидерланды тилинде жарык көргөн. Эмгекте Атлантика океанынан Инд океанына чейин жайгашкан ислам өлкөлөрү тууралуу кеңири маалыматтар камтылат. Алар негизинен 14 аймакка (иклим) бөлүнүп, өз кезегинде кайра округдарга (кура) ажыратылат. Эмгектин дагы бир өзгөчөлүгү ар аймак шарттуу түрдө кайрадан эки бөлүмчөгө бөлүнөт. Биринчи бөлүмүндө ал өлкөдөгү элдүү пункттар жана шаарлардын аты аталып, ар бири толук түрдө сүрөттөлөт. Экинчи бөлүмүндө ал жерлерде жашаган элдин этникалык абалы, тили, дини, үрп-адаты көрсөтүлүп, социалдык топторго ажыратылат жана акырында соода жүргүзүү (акча жүгүртүү, салмак чен бирдиктери), баалуу кен байлыктар тууралуу маалыматтар берилет. Эмгектин Орто Азияга тиешелүү чакан бөлүмү С. Л. Волин тарабынан которулуп, «Материалы по истории туркмен и Туркмении» аттуу жыйнактын 1-томуна киргизилген. Анда Мавераннахр (б. а. Аму-Дарыянын чыгышы) Хайтал деп аталып, ал 1) Фергана, 2) Испиджаб, 3) Шаш, 4) Осрушана, 5) Согд, 6) Бухара деген алты округга бөлүнгөн. Булардын ичинен Испиджаб округуна Хурлуг, Джумишлагу, Арсубаникет, Бараб, Шавгар, Сауран, Турар, Зерах, Шагилджан, Баладж, Барукет, Бурух, Яганкет, Адахкет, Дех Нуджикет, Тараз, Балу, Джикиль, Барсхан, Атлах, Джамукет, Шельджи, Куль, Сус, Такабкет, Дех Нави, Кулан, Мирки, Нушкет, Лакра, Джамук, Урду, Невакет, Баласагун, Лабан, Шуй, Абалиг, Маданикет, Барсиан, Балыг, Джаркан, Яг, Якалык, Раванджам, Катак, Шур, Чашма, Диль, Авас, Джаркенд сыяктуу шаарлар караган. Булардан тышкары эмгектин «Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы гуз-түркмөндөр» деген бөлүмүндө чоң шаарлар Сайранды (Сауран) жана Барукетти мусулмандар менен кимак, ошондой эле гуздарды (огуз) чектеп турган чеп экенин белгилейт. Ал эми Ордо (Урду) шаары чакан болгонун, аны бийик дубал жана суу толтурулган чоң арык коргоп турганын, анда түркмөндөрдүн (В. Бартольд боюнча огуздар) падышасы жашап, ал Испиджабдын башкаруучусуна ар дайым белек тартуулап турарын белгилейт. Ал-Макдисинин бул эмгеги Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын орто кылымдагы тарыхын окууда жана Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан байыркы шаарлардын ордун аныктоодо өтө маанилүү булактардын бири катары саналат. Өз учурунда аталган эмгекти академик В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам ж. б. сыяктуу окумуштуулар кеңири пайдаланышкан.

Ад.: Петровский Н. Ф. Древние арабские дорожники по Средне-азиатским местностям, входящим в настоящее время в состав русских владений. Таш., 1894; Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. 1. VII–XV вв. М.-Л. 1939; Крачковский И. Ю. Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998.