Difference between revisions of "«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АК МАРАЛ»''' – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1­-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑60‑ | '''«АК МАРАЛ»''' – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1­-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑60‑жылдары 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977‑83‑жылдары ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери КРдин эл артисти К. ''Мадемилова,'' 1983­-жылдан КРдин эл артисти, балетмейстер М. ''Асы''л­''башев.'' 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑жылы КРдин эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген.[[File:«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ46.png | thumb | Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.]] | ||
Ансамблдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. | Ансамблдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. |
15:38, 1 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«АК МАРАЛ» – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957‑60‑жылдары 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулган. 1977‑83‑жылдары ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери КРдин эл артисти К. Мадемилова, 1983-жылдан КРдин эл артисти, балетмейстер М. Асылбашев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991‑жылы КРдин эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген.
Ансамблдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бийлер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.