Difference between revisions of "БАГАТЕЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Temirkan moved page БАГАТ ЕЛЬ to БАГАТЕЛЬ)
(Айырма жок)

08:09, 27 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

БАГАТЕЛЬ (фр. bagatelle ‒ майда-чүйдө) ‒ жеӊил аткарылуучу, чакан, көбүнчө фортепьяно үчүн жазылган музыкалык чыгарма. «Багатель» деген түшүнүктү алгач Ф. Куперен киргизген. Кийин Л. Бетховен, А. К. Лядов, А. Дворжак сыяктуу композиторлор тарабынан өркүндөтүлгөн. 20-кылымдын композиторлорун пьесалык чыгармалардын циклдериндеги ар бир пьесанын музыкалык тилинин өз алдынча изденүү мүмкүнчүлүгү кызыктырган. Ф. Бузони, Ф. Пуленк, Б. Барток, А. Веберн кылдуу аспаптар квартети үчүн багатель жазышкан.