Difference between revisions of "АК ҮЙЛҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АК ҮЙЛҮҮ''' ‒  1) байыркы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> орто кылымдарда көчмөн элдерде урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо. Бул саясий-диплломатиялык  ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, көзөмөл алдында турушкан. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган; 2) түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.<br>
'''АК ҮЙЛҮҮ''' ‒  1) байыркы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. Башка уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда  жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.
 
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).<br>

10:00, 20 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. Башка уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).