Difference between revisions of "АБУЛХАЙР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБУЛХАЙР''' [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412– 68)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–68). ''Жучунун'' урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Дашт-и Кыпчактын аймагындагы ич ара согуштардан кийин 1428–29-ж. Тура облусунун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу менен 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-кылымдын 40-жылдарынан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү менен ээликтерин кеңейткен. Абулхайр тышкы саясатында төмөнкү Сыр-Дарыянын жана Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу менен өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-жылы  ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр-Дарыянын төмөнкү агымын жана Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин Абулхайр  көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түштүк аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-жылы  ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-жылы Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине жана султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан менен түздөн-түз жакындашып калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Абулхайрдын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-жылы  22-апрелде аяктаган. Сыр-Дарыя шаарын басып алуудагы ийгиликтери жергиликтүү  касташкан төбөлдөрдүн Абулхайр менен мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани менен Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сыр-Дарыянын бойлорунда жана Кара-Тоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек менен Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5–8 ''км'' түштүк-чыгышта) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек жана Гирей Абулхайр  менен келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-жылы  Абулхайр хан Гирейди жана Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын жана кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. ''Махмуд ибн Валинин'' маалыматтары боюнча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына жеткен. Абулхайр кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде Абулхайр  каза болгон жана анын күчтөрү артка кайткан. Абулхайрдын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-кылымдын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-кылымдын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек жана казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. Абулхайрдын небереси Шейбани хан 16-кылымдын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган жана ушул мезгилден Орто Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.<br> Ад.: ''Бортольд В. В.'' Абулхайр, соч., т. 2, часть 2, М., 1964; ''Ахмедов Б. А'' Государство кочевых узбеков. М., 1965.<br>    ''Т. Асанов.''
'''АБУЛКАЙЫР, АБУЛХАЙР''' [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412–1468)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–1468). Жуучунун (1182/84–1225/27) уулу, Шибан улусунун ханы (1243–1266) Шибандын (Шайбан, Сибан, Сибани) 9-муундагы урпагы Дөөлөт Шайыктын уулу. XIV к. ''Жуучу улусу'' Көк-Ордо (''Алтын-Ордо'') жана Ак-Ордо атанган эки улуска бөлүнүп кеткен. Алтын-Ордону Батый-хан менен Токо Темирдин, ал эми Ак-Ордону Ордо-Эжен (Орду-Ичен) менен Шибандын тукуму бийлеп, иш жүзүндө булар Алтын-Ордого көз каранды болушкан. Тарыхчы ''Абу-л-Гази-хандын'' маалыматына («Түрк элдеринин санжырасы») караганда Шибан (Шайбан) кышында Арал деңизинен Чүй жана Сары-Сууларынын төмөнкү агымында кыштап, жайкысын Жайык (азыркы Урал), Тобол сууларынын айланасын жайлаган. Алтын-Ордонун ханы (1342–1357) Өзбек-хандын (Султан Гийас ад-Дин Мухаммед, 1283–1341) уулу Жаныбектин көзү өткөндө (1357) так талашуу күчөп, тынымсыз ич ара согуштардан улам бул хандык ыдырай баштаган. Мисалы, 1400–1417-жылдардын ичинде Алтын-Ордодо Шадыбек, Пулад-хан, Тимур-хан, Джалал ад- Дин-султан ж. б. сыяктуу 8 хан алмашкан. Ак-Ордо болсо XIV к. 80-жылдарынан тарта Алтын-Ордого анча баш ийбей, өз алдынча Өзбектин улусу (вилайат-и Өзбек) деп атала баштаган. 1428–29-ж. Тура аймагындагы (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда 17 жаштагы Абулкайыр хан жарыяланган. Ушуну менен ''Дашт-и Кыпчактын'' түндүк, түндүк-чыгышын камтыган көчмөн өзбектердин жаңы хандыгы – Өзбек хандыгы пайда болгон. XV к. 40-жылдарынан Абулкайыр мурдагы Ордо-Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлорун мекендеген урууларды баш ийдирип, ээлигин кеңейткен. Дашт-и Кыпчак толук каратылгандан кийин түштүк аймактарга жортуул жасап, 1430-ж. кыска мөөнөткө Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. ''Улугбек''тин ''Мавераннахрдын'' түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Анын айланасындагы жерлерди эмир, султандарга бөлүштүрүп, үстүнөн өзү башкарган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан менен түздөн-түз чектешип калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Улустун аталышы «Өзбек хандыгы» аталганы менен анын курамы моңгол (кыят, найман, ойрот), тибет (таңгут), көптөгөн түрк (кушчу, коңурат, уйсун, карлук, кенегес, маңгыт, уйгур, мажар, кыпчак ж.б.) уруулардан турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген бул моңгол-түрк уруулары өзбек жана казак элдеринин кийинкик этникалык калыптанышына маанилүү шарт түзгөн. Сыр-Дарыянын төмөнкү бою хандыкка карагандан кийин кошуна жайгашкан ууру башчылары Абулкайыр менен эсептешип, жакын мамиле түзүүгө аргасыз  кылган. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактын 5–8 ''км'' түштүк-чыгышы) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайша менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада аны менен Алтын-Ордонун акыркы ханы (1423–1426, 1427–1428) ''Барактын'' уулдары, Сыр-Дарыянын бойлорун жана Кара-Тоону жердеп жүргөн бир туугандар ''Жаныбек'' (1428–1480) жана ''Керейдин'' (1424–1474) ортолорунда араздашуу башталган. Алар көп өтпөй Моголстанга караштуу жерлерге көчүп кетишкен. ''Махмуд ибн Валинин'' маалыматы боюнча 1468-ж. Абулкайыр хан Моголстанды каратып, ал экөөнү кармап, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында кыргыздарды аралап, Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына чейин жеткен. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде каза болуп, анын аскер күчтөрү артка кайткан. Абулкайырдын жортуулуна байланышкан бул окуялар XV к. орто чендеринде кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанды кошо мекендеп, Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашканын, ал жерлер кез-кез калмактардын колуна өтүп турганын ырастайт.  


                                                                                                                    <br>
Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Бартольд В. В. Абулхайр, Соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965.
 
''Т. Асанов''
 
                                                                                  <br>

10:46, 1 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

АБУЛКАЙЫР, АБУЛХАЙР [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412–1468)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–1468). Жуучунун (1182/84–1225/27) уулу, Шибан улусунун ханы (1243–1266) Шибандын (Шайбан, Сибан, Сибани) 9-муундагы урпагы Дөөлөт Шайыктын уулу. XIV к. Жуучу улусу Көк-Ордо (Алтын-Ордо) жана Ак-Ордо атанган эки улуска бөлүнүп кеткен. Алтын-Ордону Батый-хан менен Токо Темирдин, ал эми Ак-Ордону Ордо-Эжен (Орду-Ичен) менен Шибандын тукуму бийлеп, иш жүзүндө булар Алтын-Ордого көз каранды болушкан. Тарыхчы Абу-л-Гази-хандын маалыматына («Түрк элдеринин санжырасы») караганда Шибан (Шайбан) кышында Арал деңизинен Чүй жана Сары-Сууларынын төмөнкү агымында кыштап, жайкысын Жайык (азыркы Урал), Тобол сууларынын айланасын жайлаган. Алтын-Ордонун ханы (1342–1357) Өзбек-хандын (Султан Гийас ад-Дин Мухаммед, 1283–1341) уулу Жаныбектин көзү өткөндө (1357) так талашуу күчөп, тынымсыз ич ара согуштардан улам бул хандык ыдырай баштаган. Мисалы, 1400–1417-жылдардын ичинде Алтын-Ордодо Шадыбек, Пулад-хан, Тимур-хан, Джалал ад- Дин-султан ж. б. сыяктуу 8 хан алмашкан. Ак-Ордо болсо XIV к. 80-жылдарынан тарта Алтын-Ордого анча баш ийбей, өз алдынча Өзбектин улусу (вилайат-и Өзбек) деп атала баштаган. 1428–29-ж. Тура аймагындагы (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда 17 жаштагы Абулкайыр хан жарыяланган. Ушуну менен Дашт-и Кыпчактын түндүк, түндүк-чыгышын камтыган көчмөн өзбектердин жаңы хандыгы – Өзбек хандыгы пайда болгон. XV к. 40-жылдарынан Абулкайыр мурдагы Ордо-Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлорун мекендеген урууларды баш ийдирип, ээлигин кеңейткен. Дашт-и Кыпчак толук каратылгандан кийин түштүк аймактарга жортуул жасап, 1430-ж. кыска мөөнөткө Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Анын айланасындагы жерлерди эмир, султандарга бөлүштүрүп, үстүнөн өзү башкарган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан менен түздөн-түз чектешип калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Улустун аталышы «Өзбек хандыгы» аталганы менен анын курамы моңгол (кыят, найман, ойрот), тибет (таңгут), көптөгөн түрк (кушчу, коңурат, уйсун, карлук, кенегес, маңгыт, уйгур, мажар, кыпчак ж.б.) уруулардан турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген бул моңгол-түрк уруулары өзбек жана казак элдеринин кийинкик этникалык калыптанышына маанилүү шарт түзгөн. Сыр-Дарыянын төмөнкү бою хандыкка карагандан кийин кошуна жайгашкан ууру башчылары Абулкайыр менен эсептешип, жакын мамиле түзүүгө аргасыз  кылган. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактын 5–8 км түштүк-чыгышы) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайша менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада аны менен Алтын-Ордонун акыркы ханы (1423–1426, 1427–1428) Барактын уулдары, Сыр-Дарыянын бойлорун жана Кара-Тоону жердеп жүргөн бир туугандар Жаныбек (1428–1480) жана Керейдин (1424–1474) ортолорунда араздашуу башталган. Алар көп өтпөй Моголстанга караштуу жерлерге көчүп кетишкен. Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча 1468-ж. Абулкайыр хан Моголстанды каратып, ал экөөнү кармап, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында кыргыздарды аралап, Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына чейин жеткен. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде каза болуп, анын аскер күчтөрү артка кайткан. Абулкайырдын жортуулуна байланышкан бул окуялар XV к. орто чендеринде кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанды кошо мекендеп, Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашканын, ал жерлер кез-кез калмактардын колуна өтүп турганын ырастайт.

Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Бартольд В. В. Абулхайр, Соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965.

Т. Асанов