Difference between revisions of "АВАР КАГАНДЫГЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АВАР КАГАНДЫГЫ''' – Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн түрк тилдүү көчмөн уруулар мамлекети. Авар кагандыгынын борбору алгач Монголиядагы Халха дарыясынын боюнда жайгашкан. Кагандыктын бийлөөчүсү Шэлунун тушунда аскердик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттин күч-кубаты чыңалган. Бирок, 552-жылы  аварларга баш ийген башка түрк уруулары мамлекетти кыйратышкан. Авар урууларынын бир бөлүгү Корея менен Түндүк Кытайга, экинчиси батышка жер которгон. Батышка кеткен авар уруулары Каспий деңизинин түндүгү, Волга бою, Түндүк  Кавказды мекендеген гунн уруулары менен аралашып, Византиянын чек араларына жакын кирип барган. 558-жылы  Кандих башкарган алгачкы элчилиги Византияга келип, конуш сурап кайрылган жана союздаш болуу сунушун билдирген. Византия аварларды чыгыш славян урууларына каршы согушка пайдаланган. 567–568-жылдарда  аварлар Византия, лангобард жана лепид урууларынын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып жергиликтүү славян, герман жана роман урууларын багындырган жана Карпат ойдуңунун чоң бөлүгүн ээлөө менен Паннонияда (азыркы Венгрия, Австрия, Югославиянын аймактары) борбордук  азиялык көчмөн уруулардын мамлекетин - Авар  кагандыгын  негиздеген. Аны көрүнүктүү кол башчы Баян хан башкарган. Андан ары аварлар франктарга, славяндарга, лангобарддарга, Византияга жортуулдарды уюштурушкан. Алар Эльбадан Кавказга, Дондон Адриатикага чейинки аймактарга саясий таасирин тийгизип турду. 582-жылы  аварлар Византияга караштуу Сирмий, 7-кылымдын башында Далмация аймактарын басып алып, салык төлөп турууга мажбурлаган. Баян хан өлгөндөн кийин мамлекетте ички карама-каршылыктар күчөп, мамлекеттин алсырашына алып келген. 626-жылы  аварлардын биргелешкен күчү Константинополдун алдында талкалангандан кийин, алардын экспансиясы токтогон. Улуу Карлдын франктарынын, болгар ханы Крымдын жана славян уруу бирикмелеринин соккулары астында 8-кылымдын аягы – 9-кылымдын башында Авар  кагандыгы кыйраган. Верден келишиминде (843-ж.) Улуу Карлдын мураскерлерине таандык деп белгиленген «Авар королдугу» жөнүндө эскерилет. Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгынын курамына кирген, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.
Ад.: ''Дацм Ф.'' История и археология авар. Материалы по археологии, истории и этнографии Таврии. Т. 9. Симферополь, 2002.
'''АВАР КАГАНДЫГЫ''' – Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн көчмөн уруулардын мамлекети. Аварлар тууралуу алгач византиялык тарыхчы Прискнин эмгегинде эскерилет. Ал боюнча савир урууларын талкалаган аварлар 461–465-ж. Константинополго элчилерин жиберген. ''Ибн-Хордадбектин'' (820–913) эмгеги «Китаб ал-масалик ва-л-мамаликте» хазар уруулары менен бирге «абар» уруулары эскерилет. Бирок аварлардын теги жана кайсы тилде сүйлөгөнү тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Э. ''Шаванн'' аварларды байыркы ''уйгур'' урууларына, В. ''Томсен'' байыркы түрк жазма эстеликтериндеги «апар апурумга» байланыштырса, А. Н. ''Бернштамдын'' пикиринде  1) жергиликтүү, 2) ''гунн'' (хунн), 3) ''түрк'' (''эфталит''), 4) ''жуан-жуан'' урууларынан куралган курама эл болгон. 568-ж. аварлар Рим империясынын Паннония провинциясында (азыркы Венгрия, Австриянын чыгышын, Словакиянын түштүк-батышын, Сербиянын түндүк-чыгышын, Словения, Хорватия жана Босния менен Герцеговинанын түндүгүн ээлеген чоң аймак) пайда болуп, 630-ж. Далмацияны басып алып, Италиядагы франктарды талкалап, түштүк-чыгышынан Константинополь менен чектешип калган. Баян хандын тушунда (562–602) гүлдөгөн абалга жеткен. 796-ж. Италиянын королу Пипин аварларга каршы жүрүшкө чыгып, Дунайдын жээгинде келгенде, алар ханын өлтүрүп, толук багынганын билдиришкен. Кийинчерээк Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгына карап, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. ''Аварлар''.

Ад.: Бернштам А. Н. Аварский каганат. /Очерк истории гуннов. Л., 1951; Радлов B.B. К вопросу об уйгурах. Из предисловия к изданию Кудатку-Билика. Приложение к LXXII-му тому Записок Императорский Академии наук. №2. СПб., 1893; Ed. Chavannes. Documents sur les Tou-kiue Occidentaux, СПб., 1903.

09:14, 26 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АВАР КАГАНДЫГЫ – Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн көчмөн уруулардын мамлекети. Аварлар тууралуу алгач византиялык тарыхчы Прискнин эмгегинде эскерилет. Ал боюнча савир урууларын талкалаган аварлар 461–465-ж. Константинополго элчилерин жиберген. Ибн-Хордадбектин (820–913) эмгеги «Китаб ал-масалик ва-л-мамаликте» хазар уруулары менен бирге «абар» уруулары эскерилет. Бирок аварлардын теги жана кайсы тилде сүйлөгөнү тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Э. Шаванн аварларды байыркы уйгур урууларына, В. Томсен байыркы түрк жазма эстеликтериндеги «апар апурумга» байланыштырса, А. Н. Бернштамдын пикиринде  1) жергиликтүү, 2) гунн (хунн), 3) түрк (эфталит), 4) жуан-жуан урууларынан куралган курама эл болгон. 568-ж. аварлар Рим империясынын Паннония провинциясында (азыркы Венгрия, Австриянын чыгышын, Словакиянын түштүк-батышын, Сербиянын түндүк-чыгышын, Словения, Хорватия жана Босния менен Герцеговинанын түндүгүн ээлеген чоң аймак) пайда болуп, 630-ж. Далмацияны басып алып, Италиядагы франктарды талкалап, түштүк-чыгышынан Константинополь менен чектешип калган. Баян хандын тушунда (562–602) гүлдөгөн абалга жеткен. 796-ж. Италиянын королу Пипин аварларга каршы жүрүшкө чыгып, Дунайдын жээгинде келгенде, алар ханын өлтүрүп, толук багынганын билдиришкен. Кийинчерээк Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгына карап, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.

Ад.: Бернштам А. Н. Аварский каганат. /Очерк истории гуннов. Л., 1951; Радлов B.B. К вопросу об уйгурах. Из предисловия к изданию Кудатку-Билика. Приложение к LXXII-му тому Записок Императорский Академии наук. №2. СПб., 1893; Ed. Chavannes. Documents sur les Tou-kiue Occidentaux, СПб., 1903.