Difference between revisions of "БАЗАРБАЕВА Айша"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''БАЗАРБАЕВА Айша''' (1950-жылы туулган, Кемин району, Тегирменти айылы) – комузчу, темир ооз комузч...")
 
1 -сап: 1 -сап:
'''БАЗАРБАЕВА Айша''' (1950-жылы туулган, Кемин району, Тегирменти айылы) – комузчу, темир ооз комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти(1994).
'''БАЗАРБАЕВА Айша''' (1950-жылы туулган, Кемин району, Тегирменти айылы) – комузчу, темир ооз комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти(1994).
 
[[Файл:Базарбаева.jpg|left|thumb]]
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаева алтымышынчы жылдардын этегинде «Бульварым» аттуу ырды аткарып, кыргыз элине таанымал болгон.

17:02, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

БАЗАРБАЕВА Айша (1950-жылы туулган, Кемин району, Тегирменти айылы) – комузчу, темир ооз комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти(1994).

Базарбаева.jpg

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаева алтымышынчы жылдардын этегинде «Бульварым» аттуу ырды аткарып, кыргыз элине таанымал болгон.

·        1968-жылы Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүтүргөн.

·        1966-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде комуз черткен.

·        Кезинде темир комузчулар ансамблин жетектеген, обончулардын, кыргыз, орус композиторлорунун ырларын аткарган.

·        Ч. Кожомжаров уюштурган алгачкы кыргыз эстрада ансамблинде ырдаган.

Белгилүү обончу С. Жумалиевдин «Дзержинский гүлбагым», В. Шаинскийдин «Мени менен бирге бол» жана башка лирикалык ырларды аткарган.

·        К. Орозов атындагы академиялык эл аспапгар оркестри менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүндө, Монголияда, Швейцарияда, Мозамбикте, Лаосто, Эфиопияда, Францияда, Исландияда, Пакистанда, Кореяда гастролдо болгон.

·        1970-ж.ылы «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, 1987-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.