Difference between revisions of "БААЛЬБЕК"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БААЛЬБЕК -''' Ливандын | '''БААЛЬБЕК -''' Ливандын түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 30,9 миӊ (2005). Антиливан кырка тоолорунун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1117 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Алгач б. з. ч. 14-кылымда эскерилет. Баал кудайына (Финикия, Палестина, Сирия, кийин Египет, Грекияга ж. б. тараган түшүмдүүлүктүн, суунун, согуштун кудайы) тайынуу борбору катары белгилүү. Птоломейдин тушунда шаар күн кудайы Гелиостун атынан Гелиполь, 16-кылымдан Юлий Август Феликс Гелиополитан Колониясы деп аталган. 1898‒1905-жылдары О. Пухштейн жетектеген немис экспедициясы археологиялык казууларды жүргүзгөн. Театр, ипподром, храмдардын комплексинин калдыктары табылган, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> өзгөчө Вакх храмы жакшы сакталган. Ошондой эле Венера, Юпитер ж. б. храмдары бар. 637-жылы Баальбек арабдар тарабынан басылып алынган. 13-кылымда ал аймак чепке айландырылып, чыгыш тарабына мечит <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> мунара салынган. 1956-жылдан ал шаарда Эл аралык музыкалык-театр фестивалы өткөрүлүп турат. Баальбек туризм борборлорунун бири. Шаар ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине катталган.<br> |
16:51, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
БААЛЬБЕК - Ливандын түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 30,9 миӊ (2005). Антиливан кырка тоолорунун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1117 м бийиктикте жайгашкан. Алгач б. з. ч. 14-кылымда эскерилет. Баал кудайына (Финикия, Палестина, Сирия, кийин Египет, Грекияга ж. б. тараган түшүмдүүлүктүн, суунун, согуштун кудайы) тайынуу борбору катары белгилүү. Птоломейдин тушунда шаар күн кудайы Гелиостун атынан Гелиполь, 16-кылымдан Юлий Август Феликс Гелиополитан Колониясы деп аталган. 1898‒1905-жылдары О. Пухштейн жетектеген немис экспедициясы археологиялык казууларды жүргүзгөн. Театр, ипподром, храмдардын комплексинин калдыктары табылган, анын ичинде өзгөчө Вакх храмы жакшы сакталган. Ошондой эле Венера, Юпитер ж. б. храмдары бар. 637-жылы Баальбек арабдар тарабынан басылып алынган. 13-кылымда ал аймак чепке айландырылып, чыгыш тарабына мечит жана мунара салынган. 1956-жылдан ал шаарда Эл аралык музыкалык-театр фестивалы өткөрүлүп турат. Баальбек туризм борборлорунун бири. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган.