Difference between revisions of "БАЗАРОВ Ыймаш"
Jump to navigation
Jump to search
м (Dilde moved page БАЗАРОВ to БАЗАРОВ Ыймаш) |
|
(Айырма жок)
|
16:35, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
БАЗАРОВ Ыймаш [1917, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыш. ‒ 1977-ж. ошол эле жерде] ‒ кой ферма башчысы, Соц. Эмг. Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоӊ р-нундагы Ленин атн. колхоздо колхозчу, кой ферма башчысы.
Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-ж. 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамлекетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин тирүүлөй орт. салм. 67 кгга жеткен. 1958-ж. 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени менен сыйланган.