Difference between revisions of "САТЫЛГАНОВА Гүлнур Абдырасаковна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
6 -сап: 6 -сап:

'''Чыгармачылык жолу'''
'''Чыгармачылык жолу'''
 
[[Файл:Чебер аткаруучу.jpg|thumb]]
Гүлнур бала кезинен бери ырчы болууну кыялданчу. Сахнага алгач беш жашында жаңы жылдык кечеде чыгып, ошол күндөн баштап ар дайым вокалдык сынактарга катышып жүргөн. Мектепте бир дагы концерт ансыз өткөн эмес. 1985-жылы мектепти аяктагандан кийин борбор калаага университетке, ошол кездеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыруу үчүн келген. Бирок, тилекке каршы, экзаменге кечигип калып, кондитер кесиби боюнча бир жыл окууга туура келген. Гүлнурдун мугалимдери – Надежда Хохлова жана классикалык вокал мугалими Талгар Жакшылыков жаш талантка жогору баа берип, келечекте жогорку ийгиликтерге жетише ала тургандыгына ишенчү. 1986-жылы Токтогул районунда «Ыр кесе» концерти уюштурулуп, Г. Сатылганова бир ырын гитаранын коштоосунда аткарып берген. Анын аткаруусу элге жагып, коё бербей, кайра ырдап берүүсүн суранышат. Ошентип 6-7 ырды гитара менен ырдап берет да, дароо эле «Миң Кыял» популярдуу ансамблинин директорунан чогуу иштешүү сунушун кабыл алат. Г. Сатылганова бул топ менен эки жылдан ашык иштеп, республиканын бардык аймактарында гастролдо болгон. 1991-жылы Аламүдүн райондук маданий үйүнүн алдында уюшулган «Арашан» фольклордук тобунда эмгектенген;

17:08, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

САТЫЛГАНОВА Гүлнур Абдырасаковна (1. 11. 1968-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району) – кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008), көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Өмүр таржымалы

Гүлнур Сатылганова.jpg

Гүлнур Сатылганова белгилүү кыргыз акыны Токтогул Сатылгановдун туулуп-өскөн жеринен болот, бирок тууганы эмес. 1987-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун хор дирижёрлук бөлүмүнө тапшырган. 1991-жылы институтту аяктагандан кийин Куудулдар театрында иштеп, Арсен Өмүралиев атындагы театр ачылгандан кийин жолдошу менен жаңы труппага өтөт, анда 1992–1995-жылдары Цунун ролун ойноп турган. Труппа Россиянын Мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы М. С. Щепкин атындагы Москва театралдык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү менен толукталгандан кийин ал театрдан кеткен. Театр менен коштошкондон кийин Гүлнур чыгармачылык жолун сахнадан баштап, бир нече жылдан кийин кыргыз шоу-бизнесинде биринчи даражадагы жылдызга айланган, ошондон улам 90-жылдардагы бүтүндөй муун Гүлнур Сатылганованын ырлары менен тарбияланган. Ата-энесинин музыкалык билими жок болгонуна карабастан, атасы комузда кол ойнотуп, мыкты черткен, апасынын үнү күчтүү, тембри кооз болгон.

Чыгармачылык жолу

Чебер аткаруучу.jpg

Гүлнур бала кезинен бери ырчы болууну кыялданчу. Сахнага алгач беш жашында жаңы жылдык кечеде чыгып, ошол күндөн баштап ар дайым вокалдык сынактарга катышып жүргөн. Мектепте бир дагы концерт ансыз өткөн эмес. 1985-жылы мектепти аяктагандан кийин борбор калаага университетке, ошол кездеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыруу үчүн келген. Бирок, тилекке каршы, экзаменге кечигип калып, кондитер кесиби боюнча бир жыл окууга туура келген. Гүлнурдун мугалимдери – Надежда Хохлова жана классикалык вокал мугалими Талгар Жакшылыков жаш талантка жогору баа берип, келечекте жогорку ийгиликтерге жетише ала тургандыгына ишенчү. 1986-жылы Токтогул районунда «Ыр кесе» концерти уюштурулуп, Г. Сатылганова бир ырын гитаранын коштоосунда аткарып берген. Анын аткаруусу элге жагып, коё бербей, кайра ырдап берүүсүн суранышат. Ошентип 6-7 ырды гитара менен ырдап берет да, дароо эле «Миң Кыял» популярдуу ансамблинин директорунан чогуу иштешүү сунушун кабыл алат. Г. Сатылганова бул топ менен эки жылдан ашык иштеп, республиканын бардык аймактарында гастролдо болгон. 1991-жылы Аламүдүн райондук маданий үйүнүн алдында уюшулган «Арашан» фольклордук тобунда эмгектенген;

1991-жылы институтту бүтүргөндөн соң, композитор Эрик Кадырбаев менен биргеликте жаңы «Агым» тобун түзүшөт. 1992–1995-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында актриса катары «Каркыранын канаты» спектаклинде башкы ролду ойногон. Театрдын алдындагы Нурлан Нышанов жетектеген «Саамал» фольклордук тобунда эмгектенген; 1996–2004-жылдары Улуттук консерваториянын эстрадалык студиясында солист болуп иштеген.

Жетишкендиктери

  • 1991-жыл – Нарын шаарында өткөн эстрада ырчыларынын республикалык конкурсунда 1-орун;
  • 1992-жыл – «Жаштык ыры-92» конкурсунда Гран-при;
  • 1993-жыл – «Ыр десте-93» конкурсунда Гран-при;
  • 1998-жыл – Беларусь мамлекетинин Минск шаарында өткөн «Славян базары» фестивалында элдик «Колзоздогу курбума» ыры менен атайын 1000 доллар акчалай сыйлык;
  • «Ысык-Көл-98» фестивалында баш байгеге коюлган машинаны утуп алган;
  • 1998-жылыТүркияда өткөн эстрада ырчылары конкурсунда биринчи орунду багындырган;
  • Эл аралык «Азия дауысы» конкурсуна 1994-1998-жылдары катышып атайын сыйлыктарга ээ болсо, 1995-жылы конок катары чакырылган;
  • 2000-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүүчү эл аралык «Шабыт» чыгармачыл жаштардын конкурсунда баш байге.

Алган наамдары жана сыйлыктары

Гүлнур Сатылганова көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси, анын ичинде:

·       «Алтын үн» статуясы.

·       «Күмүш крест» Ардак белгиси (2011), «Георгий союзу» коомдук уюму, Санкт-Петербург шаары.

·       Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2001)

Музыкалык хит-параддардын сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча ал «Жылдын мыкты ырчысы», «Мыкты аткаруучу», «Жылдын айымы» жана кыргыз эстрадасынын №1 жылдызы деп табылган.

Учурда репетуарында 200гө чукул ыры, 15 клиби бар. Чыгарма даярдоодо акындар Кыялбек Урманбетов, Кудрет Тайчабаров, Биримкул Алыбаевдер, композиторлор Райкан Бейшеналиева, Эркин Мээрканов, аранжировка жасоодо Рамис Алиев, Мирлан Ниязовдор менен иштешет. Ырчы мыкты чыгармаларынын жаралышына маркум Эрик Кадырбаевдин да салымы чоң экендигин айтып келет.

«Ыр десте», «Жазым келчи», «Угуп кой», «Асман» ырлар жыйнагын чыгарган.

2007-жылы Кыргызстан боюнча чоң концерттик турне өткөрүп, түшкөн каражатты жергиликтүү балдар үйүнө тапшырган. Ошол эле жылы Камбар-Ата гидроэлектр станцясынын куруучуларына концерт берип, 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.

1999, 2004, 2006, 2007, 2008, 2014-жылдары жеке концертин берген.