Difference between revisions of "АРИЛЕР"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРИЛЕР–''' инди-европалык (инди-ирандык) тилдик жалпылыкка кирген элдердин аталышы. | '''АРИЛЕР–''' инди-европалык (инди-ирандык) тилдик жалпылыкка кирген элдердин аталышы. «Арилер» деген түшүнүк 19-кылымдын орто ченинен инди-европа тилдеринде сүйлөгөн урууларды жана элдерди айырмалап белгилөө маанисинде айтыла баштаган. Инди-иран тилинде сүйлөгөн элдер эң байыркы жазма эстеликтерде эле коңшу же каратып алынган элдерден айырмаланып, толук укуктуу, таза кандуу адамдар экендигин белгилөө үчүн өзүлөрүн Арилер деп аташкан. Арилер деген сөздөн бир катар географиялык жана этностук аталыштар келип чыккан. Мисалы, Ирандын азыр­кы аталышы (Aryanam – «Арилер» өлкөсү) ушул сөздөн алынган. Айрым уруулар да өзүн өзү Арилер деп аташкан (мидиялык аризанттар уруусу - «Арилер» уруусу, Арилердин сармат уруусу, осетиндердин түпкү теги болгон – аландар – «аллен» – ба­йыркы иран сөзү агуапа ж. б.). Расисттик адабиятта (асыресе фашисттик Германияда) Арилер термини өтө бир жактуу, илимге жат мүнөз алган. Алар өзгөчө «жогорку» арийлик расанын бар экендигин жана аны негизинен немистер түзөөрүн далилдөөгө аракеттенишкен.

11:04, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АРИЛЕР– инди-европалык (инди-ирандык) тилдик жалпылыкка кирген элдердин аталышы. «Арилер» деген түшүнүк 19-кылымдын орто ченинен инди-европа тилдеринде сүйлөгөн урууларды жана элдерди айырмалап белгилөө маанисинде айтыла баштаган. Инди-иран тилинде сүйлөгөн элдер эң байыркы жазма эстеликтерде эле коңшу же каратып алынган элдерден айырмаланып, толук укуктуу, таза кандуу адамдар экендигин белгилөө үчүн өзүлөрүн Арилер деп аташкан. Арилер деген сөздөн бир катар географиялык жана этностук аталыштар келип чыккан. Мисалы, Ирандын азыркы аталышы (Aryanam – «Арилер» өлкөсү) ушул сөздөн алынган. Айрым уруулар да өзүн өзү Арилер деп аташкан (мидиялык аризанттар уруусу - «Арилер» уруусу, Арилердин сармат уруусу, осетиндердин түпкү теги болгон – аландар – «аллен» – байыркы иран сөзү агуапа ж. б.). Расисттик адабиятта (асыресе фашисттик Германияда) Арилер термини өтө бир жактуу, илимге жат мүнөз алган. Алар өзгөчө «жогорку» арийлик расанын бар экендигин жана аны негизинен немистер түзөөрүн далилдөөгө аракеттенишкен.