Difference between revisions of "ҮСӨНБАЕВ Замирбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''ҮСӨНБАЕВ Замирбек''' (1. 9. 1951-жыл, Бишкек шаары) – төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1983), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1997). Даңк медалы (2002), III даражадагы Манас орденинин (2011), II даражадагы Манас орденининин ээси (2021).

[[Файл:Комуз 2.jpg|left|thumb]]
[[Файл:Комуз 2.jpg|thumb]]
1968-жылы орто мектепти, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1968-жылы орто мектепти, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

17:41, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

ҮСӨНБАЕВ Замирбек (1. 9. 1951-жыл, Бишкек шаары) – төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1983), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1997). Даңк медалы (2002), III даражадагы Манас орденинин (2011), II даражадагы Манас орденининин ээси (2021).

Комуз 2.jpg

1968-жылы орто мектепти, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1968-жылдан баштап Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда эмгектенет. 1991-жылдан филармониядагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Ошол эле мезгилде 1991-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берет. Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө эле өздүк-көркөм кароолоруна катышуу менен 12 – 13 жаштарында башталган. Эл алдына ырдап чыккан алгачкы ырлары – атасы Алымкул Үсөнбаевдин «Кыргыз элим» жана Р. Шүкүрбековдун «Жер жөнүндөгү термеси» болгон. З. Үсөнбаевдин талантынын калыптанышына атасы Алымкул төкмөнүн, айрыкча энеси Назимдин таасири өтө күчтүү болгон. Ал Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, М. Таранчиевдерден үлгү алган. Э. Турсуналиев, А. Айталиев, Т. Абдиевдер менен ырдашып, айтыш өнөрүн алга сүрөп келе жаткан акындардын бири. Өзүнүн «Комузчуларга», «Улууларды эскерүү», «Жаштар жөнүндө терме», «Нан жөнүндө» жана башка чыгармалары бар. Токтогулдун, Эшмамбеттин, Жеңижоктун, Алымкулдун, Калык, Осмонкул, Ысмайылдардын чыгармаларын, термелерин, айтыштарын аткарат.

«Замирбекгин ырлары» (1986) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. З. Үсөнбаев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломаты (1985). Мурдагы СССРдин аймагыпан сырткары, Америка кошмо штаттары, Япония, Кытай, Швеция, Түркия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

1985-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Музыкалык искусство» адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамы берилген.

Кыргыз тилинде жарык көргөн китептери

Замирбектин ырлары: – Ф.; Кыргызстан, 1985. – 62 бет.

Алымкул төкмө жүз жашта: Эскерүүлөр. – Б.: Баласагын, 1994. – 105 бет.