Difference between revisions of "АТ МАЙДАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат ж-а dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды ж-а күлүктөрдү сыноочу, ат спорту б-ча мелдеш өткөрүлүүчү ку
АТ МАЙДАН33.png

рулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. А. м. байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. А. м-да көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы ж-а ат чабуу үчүн айланма жол­ дор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту б-ча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн А. м. жолунун уз. 2000‒2400‒3000м, туурасы 20‒30 м, таскактуу аттар үчүн уз. 1600, туурасы 20‒25 м болот. Бишкектеги мамл. А. (Термечиков көчөсү, 1) 1947-ж. курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (уз. 1600 м, туурасы 18 м), күлүктөр жолу (уз. 2000 м, туурасы 20 м) ж-а майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. А-да 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; вет. изолятор, вет. дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар. А. долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.