Difference between revisions of "АНДОРРА"
2 -сап: | 2 -сап: | ||
[[File:АНДОРРА_85.png | thumb|none]] | [[File:АНДОРРА_85.png | thumb|none]] | ||
[[File:АНДОРРА_86.png | thumb|АНДОРРА]] | [[File:АНДОРРА_86.png | thumb|АНДОРРА]] | ||
каталан тили; ошондой эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Администрациялык-аймактык жактан 7 общинага бөлүнөт. Андорра – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү. Андорра – унитардык мамлекет. Конституциясы 14.3.1993- | каталан тили; ошондой эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Администрациялык-аймактык жактан 7 общинага бөлүнөт. Андорра – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү. Андорра – унитардык мамлекет. Конституциясы 14.3.1993-жылы кабыл алынган. Андорра – парламенттик княздык. Мамлекеттин башчысы – Франция президенти жана Урхель епискобу. Кош башкаруу бирдей бийликке ээ. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу Генералдык кеңеш (4 жылга шайланат). Генералдык кеңештин башкаруу органы – синдикатура, аны генералдык синдик башкарат. Саясий партиялары – Либералдык союз жана Улуттук-демократиялык биримдик. Жергиликтүү калкы андорралыктар (45,98%), көпчүлүгү – испандар (26,4%); ошондой эле португалдар (14,2%), француздар (4,9%), англичандар, шотланддар, мароккалыктар, немистер, инди-пакистандыктар, еврейлер, филиппиндиктер жашайт. Католик динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 80,8, аялдарыныкы – 87,6 жаш. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 181 киши. Шаар калкы 93% (2000). Ири шаары – Андорра-ла-Велья. Алгач 805-жылы Урхель епискобунун испаниялык документтеринде эскерилет. 1278-жылдан Франция менен Испания епискобунун кош башкаруусунда болгон. 1793-жылы Франция башкаруудан баш тартып, бирок 1806-жылы башкаруу бийлиги Наполеон I Бонапарт тарабынан калыбына келтирилген. 1866–67-жылдары конституция киргизилип, өлкөнүн ичинде епископтун бийлиги чектелип, бирок толук эркиндикке жетишкен эмес. 1993-жылы Испания менен Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).

==Экономикасынын== | ==Экономикасынын== | ||
негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80%ин берет. Жылына 16 млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү 3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура келет. Андорра – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат. Минералдык жана терм суулары дарылоодо, үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп, Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш (сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык (Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель фабрикалары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол жана аэропорт жок; негизги транспорту болгон автомобиль жолунун узундугу 269 ''км.'' Экспортко туз, жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азык түлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция жана Испания. | негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80%ин берет. Жылына 16 млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү 3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура келет. Андорра – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат. Минералдык жана терм суулары дарылоодо, үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп, Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш (сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык (Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель фабрикалары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол жана аэропорт жок; негизги транспорту болгон автомобиль жолунун узундугу 269 ''км.'' Экспортко туз, жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азык түлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция жана Испания. | ||
''С. Айткулова.''
| ''С. Айткулова.''

09:05, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АНДОРРА, А н д о р р а К н я з д ы г ы – Европанын түштүк-батышындагы мамлекет. Франция менен Испаниянын чек арасында, Чыгыш Принейде, Валира-дель-Орьен (Эбро дарыясынын алабы) дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 464 км2. Дүйнөдөгү аянты боюнча эң чакан өлкөлөрдүн бири. Түндүктөн түштүккө карай 25 кмге, батыштан чыгышка 29 кмге созулат. Калкы 83,9 миң (2009). Борбору – Андорра-ла-Велья шаары. Расмий тили –
каталан тили; ошондой эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Администрациялык-аймактык жактан 7 общинага бөлүнөт. Андорра – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү. Андорра – унитардык мамлекет. Конституциясы 14.3.1993-жылы кабыл алынган. Андорра – парламенттик княздык. Мамлекеттин башчысы – Франция президенти жана Урхель епискобу. Кош башкаруу бирдей бийликке ээ. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу Генералдык кеңеш (4 жылга шайланат). Генералдык кеңештин башкаруу органы – синдикатура, аны генералдык синдик башкарат. Саясий партиялары – Либералдык союз жана Улуттук-демократиялык биримдик. Жергиликтүү калкы андорралыктар (45,98%), көпчүлүгү – испандар (26,4%); ошондой эле португалдар (14,2%), француздар (4,9%), англичандар, шотланддар, мароккалыктар, немистер, инди-пакистандыктар, еврейлер, филиппиндиктер жашайт. Католик динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 80,8, аялдарыныкы – 87,6 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 181 киши. Шаар калкы 93% (2000). Ири шаары – Андорра-ла-Велья. Алгач 805-жылы Урхель епискобунун испаниялык документтеринде эскерилет. 1278-жылдан Франция менен Испания епискобунун кош башкаруусунда болгон. 1793-жылы Франция башкаруудан баш тартып, бирок 1806-жылы башкаруу бийлиги Наполеон I Бонапарт тарабынан калыбына келтирилген. 1866–67-жылдары конституция киргизилип, өлкөнүн ичинде епископтун бийлиги чектелип, бирок толук эркиндикке жетишкен эмес. 1993-жылы Испания менен Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).
Экономикасынын
негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80%ин берет. Жылына 16 млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү 3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура келет. Андорра – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат. Минералдык жана терм суулары дарылоодо, үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп, Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш (сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык (Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель фабрикалары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол жана аэропорт жок; негизги транспорту болгон автомобиль жолунун узундугу 269 км. Экспортко туз, жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азык түлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция жана Испания.
С. Айткулова.