Difference between revisions of "АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ | '''АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ –''' (1812–14). Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-ж. 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-ж. сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-ж. 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн америкалыктардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, америкалык аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-ж. 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими боюнча согушка чейинки абал калыбына келтирилген. |
12:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ – (1812–14). Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга жана АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-ж. 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-ж. сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-ж. 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган жана шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн америкалыктардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, америкалык аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-ж. 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими боюнча согушка чейинки абал калыбына келтирилген.