Difference between revisions of "АТКАРУУ БИЙЛИГИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

мамл. бийликтин бир бутагы. Адам укугунун ж-а эркиндигинин корголушунун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички ж-а тышкы иш

мердигин уюштуруп ж-а багыттап турат. КРдин Конституциясына ылайык А. б-н КРдин Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамл. комитеттер, адм. ведомстволор, А. б-нин башка органдары жерг. мамл. адм-лар жүргүзөт. А. б-нин формалары ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Мис., АКШда ж-а көпчүлүк латын америкалык өлкөлөрдө жогорку А. б. бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт ж-а ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы ж-а толук жоопкерчи лик милдети жүктөлгөн. Швейцарияда Федералдык Кеӊеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган жети мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президент чилик» бар. Өтө кеӊири тараган А. б-нин формасы ‒ министрлер кабинети.

А. Акунов.