Difference between revisions of "АБДУЛКАДЫР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДУЛКАДЫР''' Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай – 1976, Анкара ш.) – окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-ж. Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-ж. Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915–23-ж. мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-ж. Стамбулга келип, Түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу м-н Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу м-н чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы ж-дө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936–68-ж. «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили б-ча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган. Эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген ж-а анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.
'''АБДУЛКАДЫР''' Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай – 1976, Анкара ш.) – окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-ж. Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-ж. Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915–23-ж. мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-ж. Стамбулга келип, Түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу м-н Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу м-н чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936–68-ж. «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган. Эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген ж-а анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.

10:01, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

АБДУЛКАДЫР Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай – 1976, Анкара ш.) – окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-ж. Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-ж. Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915–23-ж. мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-ж. Стамбулга келип, Түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу м-н Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу м-н чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936–68-ж. «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган. Эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген ж-а анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.