Difference between revisions of "«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ''' Н. Түгөлов атындагы – Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-­декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957–60‑жылдарда 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин жана башка элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977–83‑жылдары ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери КРдин эл артисти К. ''Мадемилова,'' 1983-жылдан КРдин эл артисти балетмейстер М. '' | '''«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ''' Н. Түгөлов атындагы – Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-­декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957–60‑жылдарда 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин жана башка элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977–83‑жылдары ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери КРдин эл артисти К. ''Мадемилова,'' 1983-жылдан КРдин эл артисти балетмейстер ''М.'' ''Асыл''­''башев.'' 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑жылы КРдин эл артисти ''Н.'' ''Түгөловдун'' | ||
[[File:«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ46.png | thumb|Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.]] | [[File:«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ46.png | thumb|Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.]] | ||
ысымы берилген. Коллективдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» жана башка бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. | ысымы берилген. Коллективдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» жана башка бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. |
10:54, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ Н. Түгөлов атындагы – Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957–60‑жылдарда 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин жана башка элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулган. 1977–83‑жылдары ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери КРдин эл артисти К. Мадемилова, 1983-жылдан КРдин эл артисти балетмейстер М. Асылбашев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991‑жылы КРдин эл артисти Н. Түгөловдун
ысымы берилген. Коллективдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» жана башка бийлер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.