Difference between revisions of "АТ-БАШЫ кыштак"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ Нарын обл-ндагы кыштак. Ат-Башы р-нун ж-а Ат-Башы айыл өкмөтүнүн борбору. Ат-Башы суусунун оӊ жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деӊиз деӊг. 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизденген. Калкы 10609 (2009). Кыш з-ду, наабайкана ж. б. иштейт. үч орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, ¹ 32 кесиптик-тех. окуу жайы, бейтапкана, оорукана, дарыкана, мад-т үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, о. эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. А.-Б. кербен сарай (Бишкек ‒ Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы , Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт.