Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЫЙЫК ЭЛЬМА ОТТОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– атм-радагы электр талаасынын күчтүү чыңалуусунан нерселердин учунда электр разрядынын начар жаркырак шооласынын пайда болушу. Бул жаркыроолор чагылгандан, кардуу катуу бороондон, чаңдуу бороондон пайда болуп, айрыкча тоолордо байкалып, кээде чартылдоо м-н коштолот. Ы. э. о. кумдуу бороондо абада кумдардын өз ара сүрүлүшүп электрлешүүсүнөн пайда болот. Алар, о. эле вулкандын атырылышынан да пайда болот. Байыркы гректер мындай жаркыроолорду Поллукс ж-а Кастордун оттору деп, орто кылымдарда ыйык Эразмдын (италияча Сан-Эльмо) аты м-н аташкан.