Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ШЕМАХА АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– 1960-ж. Азербайжан ИАнын астрофиз. секторунун базасында түзүлгөн ил.-из. мекемеси, Обсерватория Шемаха шаарынын түш.-батышына карай 22 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1435 м бийиктикке жайгашкан. Обсерватория Күн физ-сы, жылдыздар физ-сы, күн системасынын телолорунун динамикасы б-ча үч багытта илимий иштерди жүргүзөт. Негизги жабдуулары: 2 метрлүү телескоп-рефлектор, 700 смлүү фотоэлектрдүү телескоп, 35 смлик менискалуу телескоп, горизонталдык күн телескобу, хромосфералуу фотосфера телескобу. Кичине планеталардын – астероиддердин структурасы ж-а эволюциясы б-ча иштер зор мааниге ээ.