Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:УЮЛДУК ЖАРКЫРОО"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(aurora) – түнкү асмандын айрым бөлүктөрүндө тез алмашылуучу жарыктануу. Көбүнчө жогорку кеңдиктерде мезгили м-н байкалат. Космостон келген протон, электрондор атм-рага киргенде 90 – 1000 км бийиктиктеги сейрек аба катмары м-н өз ара аракетешүүсүнөн пайда болот. Түндүктө У. ж. сполох деп аталат. Формасы ар түрдүү: кандайдыр нурданган бийик мамыга, ачык жашыл-көгүш, кызыл чачылуу көшөгө сымал, делпилдеген узун тасма сымал, чачыраган түркүн түстүү нур-жебе сымал, же болбосо формасыз жарык, кээде түстүү фигуралар түрүндө да кездешет. Асман чүмкөгүнүн кээде жарымынан көбүн ээлеген укмуштуу көрүнүш бирде өчүп, бирде жанып бир нече саатка созулат. У. ж. көпчүлүк учурда уюлдагы өлкөлөрдө байкалат. Күн шамалы учурунда алыскы түн-тө гана эмес түш. уюлда да болот. Азыркы учурда У. ж. Жердин жасалма жандоочусунан да изилденет. У. ж. башка планеталардын атм-расында, мис., Чолпон планетасынын атм-расында да болуп турат.