Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ТУТУЛМА ӨЗГӨРМӨ ЖЫЛДЫЗДАР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:25, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
. Азыркы күндө 5 миңден ашыгы белгилүү. Булардын ар бири эки жылдыздын системасын элестетет. Айлануу тегиздиги жалпы массалуу борбордун айланасында айланганда кезеги м-н бири бирин жапкандай көрүнөт. Т. ө. ж-дын көптүгү Биздин галактиканын жылдыздарынын жарымынан көбү кош системалар курамына киргендиги м-н түшүндүрүлөт. 70 миңге жакын жылдыздын тутулма кош жылдыздарга кирери байкоо же сүрөткө тартуу аркылуу билинди. Жылдыздуу асманда ар бир ирмем сайын ондогон жылдыздардын жутулууларын дүрбү же жөнөкөй көз м-н байкоого болот. Тутулма жылдыздарды байкоо м-н кош системалардагы жылдыз дискалары б-ча жаркырактыктын бөлүштүрүлүшү, газ заттарынын кыймылы ж-дө маанилүү маалыматтар алынат. Т. ө. ж. аркылуу алардын массасын аныктоо азырынча так ыкма. Тутулма жылдыздардын мүнөздүү өкүлү – алголь.