Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:СИРИУС"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(Sirius, Alpha Canis Major) – Чоң дөбөт топ жылдызынын a сы. Өтө жарык жылдыз. Темп-расы Күндүкүнөн кыйла жогору, б. а. 104 – 2•104 К. Ак түстө, А1 спектр классындагы жылдызга кирет. Диаметри Күндүн диаметринен эки эсе чоң, жарыктыгы 23 Күн жарыктыгынчалык, көрүнгөн жылдыз чоңдугу 1,5. Жылдызга чейинки аралыгы 8,8 жарык жылына барабар. С-тун нурдук ылдамдыгы 8 км/сек. Кош жылдыз. С-тун жандоочусу бар. Ал С-тун жалпы оордук күчүнүн айланасында 50 жылдык мезгил м-н айланып турат. С-тун жандоочусунун бар экенин 1844-ж. Ф. Бессель болжолдогон. 18 жылдан кийин А. Кларк да байкаган. Кийинки изилдөөлөрдүн жыйынтыгы б-ча ядролук энергия булагы бүткөн ак кидик жылдыз экенин изилдөөлөр көрсөттү. С-тун атм-расынын хим. курамы Күндүн атм-расына окшош. Жерге кышында көрүнөт. Мындай жылдыздарга Денеб, Вега ж-а Спика жылдыздары да кирет. Бул жылдыздардын спектринде суутектин сызыгы бир кыйла күчтүүлүк кылат. Иондошкон металлдардын спектринде начар көп сызыктар бар.