Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:СИДЕРИКАЛЫК МЕЗГИЛ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(sidereal) – планетанын Күндү толук бир айлануу мезгили Т. Ал мезгил жылдыздык же сидерикалык айлануу мезгили деп аталат. С. м. Айдыкына окшош синоддук кыймылдын теңдемеси б-ча аныкталат. Планетанын төмөнкү (Күнгө жакын орбитада) абалдагысы 1/S = 1/T – 1/E, жогорку (Жерден кийинки орбитада) абалдагысы 1/S = 1/E –1/T формуласы б-ча туюнтулат. Мында Е – жылдыздык же сидерикалык жыл, S – планеталардын эки бирдей конфигурациясынын (карама-каршы туруу мезгилдеринин) ортосундагы убакыт аралыгы, бул планетанын синодикалык айлануу мезгили болот.